www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Социал-демократтар” партиясы мушташа кеткени тууралуу видеосу интернетке тараган мүчөлөрүнө карата “эң катаал” чара көрөт. Бул тууралуу партия лидери Темирлан Султанбеков “Апрель” телеканалына билдирди.

Ал партия мүчөлөрү Алга Кылычев менен Таалай Темиркулов партиялык иштер эмес, ич ара жеке себептери боюнча чырдаша кетишкени чын экенин, бирок экөө тең атышуу болбогонун айтып жатышканын белгиледи:

“Уят иш болду. Эң катаал, керек болсо катардан чыгарууга чейинки чара сөзсүз көрүлөт. Себеби эл карап турат”.

Султанбеков партиялашы Кылычев “Жакшы эле басып жүрөт” деп кошумчалап, “Бул ишке чекитти тергөө коерун” айтты.

Эске салсак, окуя 7-августта Бишкектин четиндеги “Ак-Өргө” конушунда болгонун, Кылычевдин бутуна ок тийип ооруканага жеткирилгенин, бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов камакка алынганын, Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталганын Ленин райондук милициясы 8-августта кабарлады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан куралган "Социал-демократтар" партиясы быйыл Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып, 45 мандаттын бешөөнү алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости