www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдурасулов Бөкөнбай Султанович 1952-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 1975-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтун машина куруунун технологиясы, металл кесүүчү станоктор жана аспаптар деген нукура өнөр-жайлык кесипке ээ болгон. Жалал-Абад шаарындагы автоагригаттык заводдо инженер-конструктордон баштап, конструктордук бюронун начальниги, башкы конструктор, башкы технолог, башкы инженер жана заводдун директору деген кызматтарда дээрлик 26 жыл кызмат кылган. Пенсияга чыккандан кийин Жалал-Абад шаарындагы бир канча ишканаларында директорлук кызматтарды өтөдү. Андан кийин 10 жылдай Жалал-Абад мэриясынын өнөр-жай бөлүмүн жетектеп, кийин Жалал-Абад облусунун губернаторунун кеңешчиси болгон. Учурда Бишкектеги “Дастан” Физприбор заводунда инженер технолог болуп иштейт.
Акыркы 30 жыл Эгемендиктин ичинде Кыргыз мамлекетинин экономикасы эмне себептен өнүкпөй жатканына, кандай себептер бар экенине жана Кыргызcтандын Улуттук экономикасынын кантип түптөлүшүн жана анын максаттары боюнча; Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренесинин 1-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасы экономикалык ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт”- деген аныктамага жана табияттын «Ар түрдүүлүктүн биримдиги» мыйзамына ылайык, мамлекеттин тикелей башкаруусундагы пландуу жөндөлгөн жана либералдык рыноктук экономикалык моделдер бирге катышкан инклюзивдүү “аралаш” экономика моделине токтоосуз өтүү зарыл жана аны кыска мөөнөттө ишке ашыруу толук мүмкүн.
Биз, өткөн кылымда биринчи дүйнөлүк (1914-18-жж.), жарандык (1918-20-жж.) жана Улуу Ата-Мекендик (1941-45-жж.) согуштардын кыйроолорун кайра калыбына келтирип жана кансыз согуштун (1946-90-жж.) жарыша куралдануу өлчөөсүз чыгымдарын көтөрүп, сырттан эч кандай инвестиция тартпай жана “инфляция, жумушсуздук” деген түшүнүктөрсүз эле, кыска мөөнөттө эң чоң экономикалык секирик жасап, артта калган агрардык Россияны өнүккөн индустриалдык жана ядролук алдыңкы советтик державага айланткан кубаттуу пландуу экономиканын тажрыйбасын сөзсүз пайдалануубуз зарыл дейт.
Булак: NazarNews.kg