www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Искра Райымкулованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 9-августта Кыргыз Республикасынын эл артисти, атактуу театр жана кино актрисасы Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өмүрүнүн соңуна чейин өзү эмгектенген Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өттү.

Маркум менен коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, жакындары, кесиптештери жана башкалар келишип, маркум талантты эскеришти.

Искра Райымкулованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Атактуу актриса кечээ, 8-августта дүйнөдөн өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости