www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Украинадагы согуштук аракеттерге байланыштуу Орусия Федерациясына жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстанга келген орус жарандарына качкын макамын берүүгө каршы чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эл депутаттары Улугбек Ормонов менен Исхак Масалиев айтып чыгышты.

Алардын айтымында, Кыргызстандагы орусиялыктардын качкын катары таанылышы эки өлкөнүн достук келишимдерине карама-каршы келет.

Белгилей кетсек, депутаттар санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан демилгеленген “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатышат.

«Мындай мыйзамдар менен сиздер эки жакын союздаш мамлекеттин ортосунда пикир келишпестиктерге алып келесиздер. Эртең Россия өз жарандарынан сураса эмне деп жооп бересиңер? Сиздер аларга качкын макамын бердиңиздерби? Документти аягына чыгаргыла», — деди Улугбек Ормонов.

«Бизге бул мыйзамдын кереги жок. Же сабыр кылып, Украинадагы абалга көз салыңыз. Орусия менен ар кандай багытта келишимдерибиз бар, алар биздин жакын өнөктөшүбүз. Кыргыз Республикасына келген орусиялыктар качкын боло албайт. Булар биздин боордош өлкөнүн жарандары», - деди Исхак Масалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости