www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский элине кайрылуу жасады

Алдыдагы кыш Украина тарыхында эң оор мезгил болот. Бул тууралуу Владимир Зеленский Telegram каналы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин Украинанын "Нафтогаз" компаниясынын башчысы Юрий Витренко Handelsblatt басылмасына маек берип жатып жылуулук жана жарык бат-баттан өчүрүлө турганын, кыш оор болорун айтып, Германия өкмөтүнүн жардамына таянып жатышканын белгилеген.

"Украина жеңишке жетиш үчүн дагы татаал жол бар, тыным албай иштешибиз керек. Алдыдагы кыштан аман-эсен чыгуу маселеси турат. Ошол себептен ага алдын ала даярдык көрүү зарыл", — деди Зеленский.

Буга чейин ал элди электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырган.

Эске салсак, Крым көпүрөсүндөгү терактыдан кийин Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын инфраструктуралык объектилерине: энергетика, байланыш жана аскерий башкармалыгына сокку ура баштаган. Орусия президенти теракт жасоого аракеттер улана берсе жооп катаал жана масштабы да РФке келтирилген коркунучтардын деңгээлине жараша болорун эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости