www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу» мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.

Сессияга катышкан 96 депутаттын 87си документти колдоп, тогузу каршы добуш беришти.

Долбоор парламенттин 3-марттагы сессиясында талаш-талкуу менен коштолду.

Эки депутат – Чынара Урумкалиева менен Айгерим Бешимбаева мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтып, документтеги колтамгасын чакыртып алышты.

Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, Жанарбек Акаев, Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев жана башка бир катар депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору деп айтылган 80ден ашуун депутаттын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости