www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-март Аялдардын эл аралык күнүн утурлай Өзбекстандын Жогорку соту 16 аялдын кассациялык арызын карады. Алар өтө оор кылмыштар үчүн ар кыл мөөнөткө соттолушкан.
УзА агенттиги билдиргендей, 14 аял жаза мөөнөтүнүн негизги бөлүгүн өтөп бүткөндүктөн, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Алар жасаган кылмыштары үчүн өкүнөрүн билдирип, түрмө эрежелерин бузушкан эмес.
Аялдар үй-бүлөлөрүнө кайтышты. Ошол эле маалда сот эки аялга чыккан өкүмдү жумшартты.
Былтыр аялдар майрамынын алдында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев абактарда жазасын өтөп жаткан 83 аялга ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg