www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук комитети 3-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын ишине тоскоол болуп жатканын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында «Жергиликтүү сот» долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында былтыр декабрда Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылганы айтылат. Бирок Калиева ар кандай шылтоо менен иштин Тартип комиссиясында каралышын создуктуруп жатканы белгиленген.

Жогорку соттун басма сөз кызматы ушул эле күнү УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарып, Калиева ишти создуктуруп жатат деп айтылгандарды четке какты. Тартип комиссиясынын жыйыны төрайымдын оорусуна байланыштуу, дарыгерлердин маалымкатынын негизинде болбой калганын кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости