www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) ишин жакшыртуу жана санын көбөйтүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Калктын муктаждыктары менен иштөөдө натыйжалуулукту жана айкындуулукту максималдуу камсыз кылуу, жүктөмдү азайтуу, мамлекеттик кызматтарды алууда жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин ишине карата аймактардан көптөгөн арыздар жана даттануулар келип түшүүдө. Бир документ үчүн адамдар бир башынан экинчи четине чейин барууга аргасыз болушууда, райондордо документтерди берүүдө борборлоштуруу жок. Ошондуктан санариптик трансформациянын алкагында пландаштырылган бардык иш-чараларды тездетүү жана мурда белгиленген мөөнөттө аяктоо, инновациялык маалыматтык технологияларды киргизүү, көрсөтүлгөн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу өтө маанилүү», - деп тапшырды Улукбек Марипов.

Белгилей кетсек, жакын арада республикада жаңы бир катар калкты тейлөө борборлору ачылат:

- 2021-жылдын 1-апрелине чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында КТБ ачылат;

- 2021-жылдын 1-апрелине чейин Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында КТБ ачылат;

- 2021-жылдын 10-апрелине чейин Бишкек шаарында КТБ ачылат, дареги: Жибек Жолу проспектиси 381 («Эльдорадо» соода борборунун мурдагы имараты);

- 2021-жылдын 20-апрелине чейин Бишкек шаарында универсалдуу сервистик борбор ачылат;

- 2021-жылдын 20-апрелине чейин Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында КТБ ачылат;

- 2021-жылдын 1-майына чейин Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айылдык округунда КТБ ачылат;

- 2021-жылдын 1-майына чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарында КТБ ачылат;

- 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында КТБ ачылат;

- 2021-жылдын 1-июлуна чейин Ош облусунун Араван районунун борборунда КТБ ачылат.

Маалымдама: Учурда Кыргыз Республикасында 26 калкты тейлөө борбору иштейт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости