www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында эл аралык деңгээлдеги каржы кызматтарын көрсөткөн «Астана» эл аралык каржы борборуна (АЭКБ) барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат катчысы билдирди.

Мамлекет башчылары Эл аралык арбитраждык борбордун, АЭКБ каржы кызматтарын жөнгө салуу боюнча комитеттин, Чет элдик жарандарга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтарды көрсөтүү борборунун жана АЭКБ биржасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевге маалымдашкандай, Эл аралык арбитраждык борбор АЭКБдагы жарандык жана коммерциялык талаштарды эл аралык стандарттарга ылайык, соттук териштирүүгө альтернатива катары, көз карандысыз, үнөмдүү жана ыкчам чечүү боюнча иш алып барат.

АЭКБнын каржылык кызматтарды жөнгө салуу комитети рыноктун бардык түрлөрүн — банк ишмердиги, камсыздандыруу, ислам каржылоосу, активдерди башкаруу жана жеке банктардын ишин жөнгө салат.

Чет элдик жарандарга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтарды көрсөткөн «Астана» эл аралык каржы борбору «бир терезе» принцибинин негизинде чет элдик эксперттерге жана инвесторлорго англис тилинде мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтардын кеңири чөйрөсүн сунуштаган  аянтча болуп саналат.

Негизги милдети — чет элдик эксперттердин жана инвесторлордун өлкөгө кирүүсү жана жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аларды казак коомуна жана бизнес коомчулугуна интеграциялоо.

АЭКБ биржасы Казакстанда жана Борбордук Азия регионунда активдүү капитал рыногун өнүктүрүү максатында түзүлгөн жана англия укуктарынын юрисдикциясында иштейт. Биржа курамына 20дан ашык жергиликтүү жана эл аралык  соода мүчөлөрү кирген, экосистемасы өнүккөн инвестицияларга жеткиликтүү болуп, ишенимдүү жана коопсуз соода инфраструктурасын камсыздайт.

Президент Садыр Жапаров АЭКБнын баардык түзүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн кызыгуу менен көрүп чыгып, борбордун иши инвесторлор, өлкөгө инвестицияларды тартуу үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, бул боюнча Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен пикир алмашты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости