www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Капитолий полициясы 4-март күнү Вашингтондо тартипсиздик орун алышы мүмкүн деген маалыматтардан улам АКШ аймагында коопсуздук чараларын күчөтүүдө.

Вашингтондо тартипти сактоо үчүн кошумча полиция жана Улуттук гвардиянын күчтөрү тартылды. Мындан тышкары конгрессмендердин коопсуздугун сактоо үчүн жергиликтүү үч аэропортто жана темир жол бекеттеринде кошумча күчтөр жайгаштырылат.

Канон кутум теориясынын жактоочулары: «Мурунку президент Дональд Трамп 4-мартта президенттик кызматка киришет», — деп ырасташат, анткени 1933-жылга чейин президенттердин инаугурациясы азыркыдай 20-январда эмес, 4-мартта болгон. Ошондуктан президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болгондор 4-мартта Капитолий имаратынын жанына чогулуп келиши мүмкүн деген кооптонуу бар.

Капитолий полициясы Трамптын тарапташтары тарабынан башаламандык болушу мүмкүн деген негизде, 12-мартка чейин Улуттук Гвардиянын 4900 аскерин АКШнын борборунда калтыруусун суранганын «CNN» басылмасы февралда жазган.

Январь айында АКШнын Улуттук гвардия башчысы, генерал Дэниэл Хавкансон башаламандыктардан улам Вашингтондо 7000 аскер марттын ортосуна чейин каларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости