www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңешке "салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилип жатат.

"Министрлер кабинетинин төарагасы Акылбек Жапаров менен парламенттик фракциянын жана депутаттык топтордун лидерлери менен кеңешүү өткөрдүк. Кеңешүү дээрлик бир саатка созулду. Компромиске келдик. Ошонун негизинде бул маселеге бүгүнкү күн тартибине коюлуп жатат. Акылбек Үсөнбекович зарыл маселелер чыгып калганына байланыштуу келе алган жок", - деди төрага.

Буга депутат Исхак Масалиев каршы пикирин билдирди.

"Аталган маселе кечээ күн тартибинде жок болчу. Кайдан пайда боло калды? Бул мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште, коомдук угууда терс пикирлер болуп келсе эмне үчүн кайра кирип жатат? Биз шашылып жатабыз. Бул өтө маанилүү мыйзам. Жаңы жылга жарандарга белек даярдап жатабызбы? Биз жаманаттуу болобуз", - деди Масалиев.

Депутат маселени жаңы жылдан кийин кароону сунуштады.

Буга депутат Чыңгыз Айдарбеков дагы кошулду. 

"Бул мыйзам долбоору боюнча жакшы билебиз. Жүйөлүү сын-пикирлер келип түшкөн. Ошондуктан жаңы жылдан кийин карайлы деген кесиптешимдин сунушун колдойм", -  деди Айдарбеков.

Түшкү танаписке чейинки жыйында да депутат Балбак Түлөбаев аталган мыйзам долбоорунЖогорку Кеңешке алып келбей эле коюшсун деген пикирин билдирген.

Төрага Нурлан Шакиев бул мыйзам долбоору бир нече жолу парламентте талкууланганын билдирди.

"Өткөндөгү жыйында да өтө чоң талкуу болгон. Бул боюнча Экономика министри кыскача баяндама жасасын", - деди төрага. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости