www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Вечерний Бишкек» жаңы жылдан тартып кагаз түрүндө чыкпайт, анын электрондук версиясы гана калат. Президент Атамбаев жана анын жардамчысы Фарид Ниязов басып алуу аракеттерин 2014-жылдын сентябрында баштап, рейдерликти бир жылда бүтүргөн. Мурда бюджетке миллиондогон салык төгүп келген басылма андан кийин тар чөйрөнүн гана кызыкчылыгында иштеп калган.

Бирок маселе – 2017-жылы Атамбаев кетип, мурдагы сот чечимдери жокко чыгарылганына карабай жана 2020-жылы Жээнбеков кеткенден кийин дагы абал өзгөрбөгөндүгүндө. Басылма эмгиче анын чыныгы ээси Александр Кимге кайтарып бериле элек. Анткени акчанын күчү сот чечимдеринен да, саясатчылардын эркинен да жогору экен.

Гезиттин жаңы кожоюндары аны башкара албай, редакция бөлмөлөрүн ижарага берип, «Вечёрканын» нускалары да такай кыскарып келген жана азыр басылма бюджетке 40 миллион сом салык карыз деп айтылууда. Бул – гезиттин, анын кожоюндарынын жана алардын артында тургандардын баарынын банкрот болгону.

Последние новости