www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перудагы шамандар Украинадагы жаңжал качан бүтөөрү тууралуу божомолун айтышты. Болжолдоо Лимадагы Сан-Кристобал дөңсөөсүндө жаңы жылдык ырым-жырым учурунда жасалган. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

Шамандардын сөзүнөн көрүнүп тургандай, Украинадагы кырдаал 2023-жылдын августуна чейин тынчтык келишими менен чечилет. Так датасы айтыла элек, бирок шамандар украин жаңжалы тынчтык жана бейпилдик менен алмашат деп ишендиришти.

«Ушул күндөрдө же айларда күч колдонууга байланыштуу учурлар болот, бирок ошондо баары тынчып, тынчтык орнойт, бейпилдик келет», - деп айтылат божомолдо.

KP.RU сайты мурда жазгандай, астролог Тамара Глоба Украинадагы атайын операциянын фонунда Орусиянын жана дүйнөнүн тагдыры тууралуу божомолу менен бөлүштү. Ал 2023-жылдын орто ченинде маанилүү өзгөрүүлөр болорун, бул мезгилде бурулуш болот деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости