www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иштегиси келбеген депутаттар кете берсин. Мындай пикирин төрага Нурлан Шакиев бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Парламентте "тарап кетели" деген сөздөр айтыла берет. Ким кааласа тарай берсин. Мандатын тапшырып кете берсин. Иштей турган адамдар иштесин. Биз иштейбиз деп келгенбиз, Кудай буюрса иштейбиз.
Ким элге жөн гана жакшы көрүнүп, популизм менен алектенсе кете берсин. Аларды бул жерде эч ким кармабайт", - деди төрага.
Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев кайсы бир маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиялар иштебей жатканын айткан. Мисал катары ал "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссияны келтирген. Ал аталган комиссиянын азыркыга чейин төрагасы жок деп сынга алып, эгер тиешелүү түрдө иш алып барбаса Жогорку Кеңештин тарап кетүүсүн сунуштаган.
Булак: NazarNews.kg