www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Аны депутаттар Ж.Акаев, А.Мадумаров, Э.Сатыбалдиев, Г.Кожокулова, Д.Бекешев, С.Атамбаев, Ч.Айдарбековдор демилгелеген.

Мыйзам долбоорунун максаты менен тааныштырган депутат Дастан Бекешев  белгилегендей, «Административдик иштин негиздери жана процедуралары жөнүндө» мыйзамда белгиленген мамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу арыздарын кароонун жол-жоболорундагы карама-каршылыктарды жоюу пландалып жатканын белгиледи. Башкача айтканда, интернеттеги сайттын же баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби орнотулган.

Мындан тышкары, интернет сайттын же баракчанын ээси тарабынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн арыз ээсинин арызы келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ордуна үч күнгө чейин узартуу сунушталат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоору четке кагылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости