www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Сабыке, акыркы кездери кесиби дипломат эмес, тышкы саясатты түшүнбөгөндөр деле Кыргызстандын “тагдырын калчашып”, акыл үйрөткөндөр арбын эмеспи. Ар түрдүү көз караштар айтылып келет. Негизи эле тышкы саясатта биздин өлкөнүн орду кандай?

-- Ээ Суке, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы... Кесипкөй мамлекетчил дипломаттар четте калып, ар кандай жолдор менен элчилик кызматтарга илешип жүргөндөр сен айткандай акыркы кездерде эле эмес, башынан бар. Бул кыргызчылык, эгемендик алгандан бери өтүшүп, күчөп кеткен оору. Бийликке тынчтык бербей тажаткан оппозиционерлердин жаагын басып, кутулуу үчүн элчилик кызмат сунуштап сыртка айдап жибермей тээ Акаев доорунда практикаланып, азыркыга чейин уланып келатат. Оппозиционерлерден тышкары элчилик кызмат, куда-сөөк, достууган, бажа, тага, кайын журтка чейин тартууланып да жүргөнүн көрүп атасың го? Акчалууларга сатылып, калтаны кампайткан учурлар да жетиштүү.

-- Башынан эле кетирген каталар уланып келатат да...

-- Мамлекетти, элди ойлогон эл башчылар андайга жол бербеши керек. Тилекке каршы, биздин президенттердин кимисин айтпайлы, дээрлик бардыгы бул маселеде мүдүрүлгөн. «Бийликке ошол экстердин ордуна башкалар шайланганда андай болмок эмес» деп да кесе айта албайм. «Кайда барсаң Мамайдын көрү» дегендей, менимче, любой кыргызга бийлик берсең деле «кыргызчылыктан» арыла албайт. Мисалы, эртең сен бийликке келсең, анан мен досторду жетелеп, калпак, чапан, камчы алып келсем, анан сен кантесиң? «Кой энеңди... кайдагы атам тааныбаган ит-куштарга бергенче ушуларга берейин, кийин түшкөндө «сен эмне кылып койдуң эле?» деп бетиме түкүрүшөт” дейсиң да, туурабы? Бул деген кыргызчылык, Суке. Андан кутула албайсың, андан кутулсаң, анда сен уже кыргыз эмессиң, вот в чем вопрос.

 -- Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан “аксап” калгандай, же андай эмеспи?

-- “Мамлекет ыйык, мамлекетим жок болсо кыямат, элим жок болот” дебей, мамлекетти саан уйдай элестеткен эл экенбиз. Ошондуктан өзүбүзгө, эл башчыбызга жараша тышкы саясаттагы ордубуз да ошондой бааланат да. Мына кечээки эле мисал: коңшу өзбекти, казакты кытай кандай баалады? Бизди кандай баалады? Ошондон эле баамдасаң болот. Жер карап...

-- Бирок биздин коом баш-аягын билбей эле саясатташып кеткендей...

билсек-билбесек да “экспертпиз”. Эми азыр заман ушундай, колуна смартфон көтөргөндүн баары журналист, эксперт, блогер. Коом өтө активдешип кетти. Бир жагынан кайдыгерликке караганда бу жакшы. Билсе-билбесе да оюн ортого салып, талашып-тартышып, турмуштун жаман-жакшысын иргешип, элдин көзү ачылып атат. Тантырагандар осол болуп, алар да тарбия алып, көбүнө акыл кирип атат.

-- Эми кеп тизгинин кичине буралы. Россия–Украина согушунун бүтө турган күнүн кайсы убакка болжосок болот?

-- АКШ менен НАТО Украинага болгон каражатын салып, куралжарак менен шыкап, кышты кыштай “контрнаступ эле контурнаступ” деп айгайлап, «жазда баштайбыз, Россияны талкалайбыз! Россия согуш талаасынан жеңилет!» деп өтө ишенимдүү жар салып келгени белгилүү. “Жаздын башы менен баштайбыз” дешкен, анан “жер кургасын” дешти, эми болсо “контрнаступ башталган, жүрүп атат” дешүүдө. «Тиякты талкаладык, быякты жырып өттүк, орусту кырып салдык» деп маалымат согушунда жеңип, өздөрүнчө эле жыргап атканы андан көп. А орус армиясы “былк” эткен жок. Тескерисинче, чабуулдардын дээрлик баарынын мизин майтарды. “G7” саммитин кубандырып, ишеним берүү үчүн ДРГларын Россиянын аймагына киргизип, ВСУ жоокерлерин садага чабууга чейин барып жатышат. Ал аракеттери үчүн Крым көпүрөсүнө жасалган терракттан да күчтүү соккулар менен жооп алары турган иш. Россия Украинанын батышындагы шаарлардагы НАТО берген курал-жарактар, окдарылар сакталган кампаларын, штабдарын, башкаруу борборлорун күн санап талкалап, ВСУнун чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн кескин төмөндөтүп койду десек да болот.

-- Кандай дейсиң? Бул жагынан Байден катуу киришти го...

-- Хиросимадагы “G7нин” лидерлеринин жыйынында Джо Байден Украина учкучтарын F16 учагына окутууга макулдугун бергенин жар салды. Демек, Батыш акыркы украиналык өлгөнчө бул согушту улантууга даяр деп бааласак да болот. Аларга эмне, украина аскерлеринин өлгөнү бир тыйын, өздөрүнүн аскери өлүп атты беле? Аларга Россияны алсыратып, болушунча зыян алып келсе болгону. А долларга сатылган укронациктерге деле украин элинин карапайым калкынын кырылганы баары бир экен, доллар баарынан жогору экенин көрүп атабыз. 70% орус тилдүү элди бендерачы неонацисттер аямак беле?

-- Ошондо Россиянын таасирин азайтуу, колдон келсе кыйратуу үчүн башталган кесепетпи?

-- Ушуга чейин Россиянын «Батышка кол салабыз, басып алабыз» дегенин ким айта алат? Эч ким. Батышты шыкактап АКШ өзү орус чегине келди. АКШ кеп чынында мындай кадамга мажбур болду. Россиянын күчтөнүп, Кытайдын дүйнөдөгү биринчи экономикага айлана башташы аны ушуга мажбур кылды. АКШ гегемондугунан ажыраса, каалаганды басып кирип, кырып-тоноо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, алардын “лафа жашоосу” бүткөнү жатпайбы! Ошон үчүн алар бул кырдаалды кескин өзгөртүп, статус квону сактап калышы керек. Антпесе хана! Ошондуктан Батыш кандай да болсо Россия менен Кытайды ооздуктоого мажбур, болбосо өздөрүнүн күнү бүтөт. Ошондуктан алар Россияга каршы кескин чараларды көрүүгө мажбур. Алар 30 жылдан бери украиндерди тукуруп, антироссия жаратып, 8 жыл Донбасстагы орустарды кырдырып жатат. Алардын максаты – башынан эле Россияны Украинага кол салууга мажбурлап, анан “агрессор” деп күнөөлөө болгон. Болбосо, украиндер өздөрү Россияга каршы чыгып кол салганга батынат беле? “ЕСке, НАТОго киребиз, аларга окшоп бакубат жашоого өтүп жыргайбыз” деген хахолдорду «макул, кошуп алабыз, анда силер биздин душманыбыз Россияга душман болгула! Тилин жок кылып, орустарды кыргыла, Бендераны “ата” деп, фашизмди жеңген ата-бабаңардын эстеликтерин ураткыла!» десе, Майданда бийликке келген батыш украиналыктар неонацизмди өркүндөтүп, сырттан келген душманга колтук ачып, боордош орус элин – славяндарды кырып кирди го? Анан орус бийлиги кантсин? 8 жыл чыдады, “койгула антпегиле, кепке-сөзгө келели” деп “Минск-1”, “Минск-2” келишимдерине барып, көп жыл аларга ишенип күттү. Көрсө, алар Кравчук менен Ангела Меркель кийин моюндагандай, Украинаны согушка даярдап, куралдандырыш үчүн гана убакыт керек болгондуктан «Минск келишимдери» деп баш оорутуп жүрүшүптүр. Ал келишимдерди аткаруу тууралуу эч кимиси ойлонбогонун акыры өздөрү ачыктап, ит болушту.

-- Убакыттын өтүшү менен согуш тамыры тереңдеп бараткандай...

-- СВО башталгандан кийин Жозеф Боррель баштаган ЕС жетекчилеринин дээрлик көпчүлүгү беткаптарын сыйрып, «биздин максат стратегическое поражение» деп ачык айтышты. Стартегическое поражение – талкалап, кырып-жоюп жок кылуу дегенди билдирет эмеспи. Анан ушундай жагдайда Россия эмне кылышы керек? Тагдырга моюн сунуп, эли кырылып, мамлекетинин ташталканы чыгып, жери кертилип 8-9га бөлүнүп, тонолуп жок болушуна моюн сунушу керек беле? Албетте, анте албайт болчу. Кепке-сөзгө келүү сунуштарынын баары четке кагылып, Россияны экономикалык жактан кыйратуу аракеттери күчөп, санкциялар 11500гө жетип, Донбасстагы кыргындын уланып жатышы – Батыштын сөзгө кулак салбашы, алардын күчтү гана таанырынын далили болду.

-- Анан?

-- Россия «андай болсо болуптур, күч болсо күч» деди да, СВОну баштады. Бул күч, курал, технологиялар боюнча сынашуу Россия Федерациясы менен НАТО мүчөлөрүнүн ортосунда, Украина аймагында жүрүп жатат. Ал полигонду АКШ менен укронациктер өздөрү тандап сунуш кылды. Натыйжада Украинанын карапайым калкы жабыркап, аскер жашындагы муун кырылып, украиндер мамлекеттүүлүгү жок болууга бара жатат. Бирок бул украин элинин эмес, укронациктердин тандоосу. АКШ менен укронациктер украин элинен сурабастан аларды согуш отуна салып берди. Зеленский баштаган бир ууч топ миллиардер болгонун айтпаганда, украин эли бул согуштан кыргындан башка пайда тапкан жок. Санкциялар менен орус экономикасын кыйратып, ачарчылыкка каптап, орус элин тополоңго жеткизип, төңкөрүш жасатып, хаоско батырып, алсырап калганда кирип барып тогузга бөлүп, кырып-жоюп, тоноп, өздөрүнүн «бейиштик» жашоосун дагы бир 100 жылга узартуу планы чийки токулуп, ишке ашпасы айкын боло баштады.

-- Баракелде! Бирок Байдендин шайы жок экени байкалууда. Акыры Украина чегинип, Россиянын шартына көнүп береби? Акыры Украина чегинип, Россиянын шартына көнүп береби?

-- ЕС мүчөлөрүнүн бир тобу бул согуштан тажап, дипломатиялык жол менен маселени бир жаңсыл кылууну көксөп, бирок ачык айтууга АКШдан тайсалдап жатканы көрүнүп турат. Генри Киссинжер «АКШнын негизги жоосу Россия эмес, биздин негизги душман Кытай» деп айтканы да бекеринен эмес. «Эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени, эки жоо бир келсе ажалыңдын жеткени» демекчи, Байден акылсыздык кылып эки фронтту бир баштап алып, айласы куруп турат. АКШ Россиядан согушту токтотууну ачык суранганга бара албайт. Антсе гегемондугунун өлгөнүнүн далили болуп, ар ким Америкага “бутун сүртө” баштаары турган иш. Россия да ортомчуларды угуп, СВОну тоңдурууга бара албайт. Антсе, Батыш тыныгып, күчтөнүп алып, кайрадан согуш баштоого шарт түзүлөт. А орустар аларга эбак ишенбей калгандыктан, аларга андай шансты бу сапар өлсө да бербейт. Андыктан денацификация жана согуштук блокторго кошулбоо, нейтралдуу болуу статусу Украинанын Башмыйзамына киришин камсыздамайынча, СВОну токтотпосу анык.

-- Эми Сабыке, соңку суроого келсек, согуштун качан бүтөрү белгисиз турбайбы. Айтор, барган сайын чоң державалардын тиреши татаалдаша берет окшойт...

-- Ошентип Батыш да, Россия дагы уступкага баргысы жок. НАТО өз аскерин бул согушка кийиргиси жок болгон соң, демек, алар чындап эле «акыркы украин өлгөнчө согушабыз» деген оюн ишке ашыргылары бардай... А орус эксперттери РФтин запас прочносту 10 жылга жетерин кыйытты. Андыктан бул согуш качан аяктарын так айтуу мүмкүн эмес. Эксперттер ушул жылдын жайы менен контрнаступ үчүн берилген Батыштын куралдарын орустар перемалывать этип бүтүп, согуш солгундаарын айтышууда. Андан аркысы Батыштан көз каранды. Согушту кайрадан күчөтүү оңойго турбайт. Алар ушу контрнаступка бергенчелик курал-жарак, ок-дары, акча каражатты кайра чогултуусу керек. Ал оңойго турбайт.

Сурат Жылкычиев

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости