www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анжиян шаарынын прокурору Курбонали Аскаров отставкага кетти. Расмий маалыматка караганда, аны кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка 21-майда Өзбекстандын башкы прокурору кол койду.

Аскаров Анжиян шаардык кеңешинин сессиясы өтүп жаткан учурда укук коргоо органдары айрым эл өкүлдөрүн тинткен окуядан иштен алынды.

Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Курбонали Аскаровдун отставкасы эл өкүлдөрүн тинтүү иши менен байланышта эмес экенин билдирди. Көзөмөл орган ал өз каалоосу менен жумуштан бошогонун белгиледи.

17-майда Анжиян шаардык кеңешинин сессиясы өтүп жаткан маалда укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүп, алардын кол тийбестик укугун бузуп, мобилдик телефондорун алып коюшкан.

Депутаттарды тинтүүгө шаардык прокуратуранын кызматкерлери да катышканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости