www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев район акимдерин ротациялоодо бир нече критерийи эске алынганы билдирди. Ага ылайык, аттестациядан өткөн, өз ордуна ылайык келген кадрлар тандалып, «түндүк аймактан түштүккө», «түштүк аймактан түндүккө» деген жобо менен которулду.
«Акимдердин сапатын жакшыртуу максатын көздөдүк. Элде арыздануу, нааразычылык көп экен. Ошонун баары кызматтан кетти. Аттестациядан өтүп, билим деңгээлин, тажрыйбасын көргөзө алган акимдер жана конкурс аркылуу тандалган кадрлар дайындалды», - деди Маматалиев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 37 райондун акими жаңы дайындалды. Алардын арасында иштеп жаткан 19 аким башка райондорго которулуп, 18и кызматтан алынды. Алардын ордуна аймактык кадрлар резервинде турган кадрлар тандалды.
Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, акимдерди ротациялоо «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү» жарлыкка ылайык жүргүзүлдү. Анда мындай чечим коррупцияны жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.
Кыргызстанда 495 айыл өкмөттүн башын кошкон 44 район бар.
Булак: NazarNews.kg