www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 24-майда Сочи шаарында Кыргызстандын президенти менен жолугат.
Белгилей кетсек, буга чейин Москва эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда сөз болчу темаларды атаган.
Ага ылайык, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы, евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтыкка байланышкан темалар сөз болот. Ошондой эле регионалдык көйгөйлөр, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы туруктуулукту бекемдөө каралат.
Сочидеги жолугушууну утурлай кыргыз президенти Садыр Жапаровдун маалымат кызматы да маалымат таратты. Анда «мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат» деп айтылат.
Эске салсак, 28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.
Булак: NazarNews.kg