www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдо болуп жаткан талаптарга ылайык, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо-өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги мыйзам долбоорун сунуш кылса, Жогорку Кеңеш бир жылдан бери өткөрбөй кармап жатат. Демейде түшүнүп-түшүнбөгөн мыйзамдарды канын жерге тамызбай кабыл алып жаткан депутаттар бул мыйзам долбоорун эмнеге өткөрбөй создуктурууда? Изилдеп көрдүк.
Көрсө, бул мыйзам долбоорунда “университет ректорлору президент тарабынан дайындалат жана иштен алынат” деген жобо бар экен. Кер жыландын кепшегенин, сур жыландын суусаганын билген ректорлор, алардын ичинде кааласа депутат, каалаган учурда ректор болуп шайланып, окуу жайын өз менчигиндей пайдаланган Канат Керезбековго окшогон КМЮАны башкарган “карышкыр” да бар.
Ошол 15-20 жылдан бери отурган эски ректорлор жылуу креслолорунан айрылып калууну каалабай, “моссоветтеги” сулуулардай эле сатылган депутаттардын кулкунун толтуруп, жаңы мыйзам долбоорун өткөрбөй жатышабы?
Булар минтип өз билгенин жасап, депутаттарды көңүлдөшүндөй эле ойнотуп калышса, мыйзам кабыл алынбаса, билим берүү тармагындагы реформа болбой, сазга баткан бойдон отура берет экенбиз да. Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген, түшпөс ханга айланган ректорлордун тизгинин тарта турган чара барбы?
Булак: Азия News гезити