www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу мекемелер аралык комиссия түзүү чечимин кабыл алды.
Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, комиссия маркумдун кармалышынын негиздери менен шарттарын, ошондой эле анын УКМКнын СИЗОсунда дарылануу мүмкүнчүлүгүн иликтейт.
Комиссиянын курамына Акыйкатчы институтунун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле Координациялык кеңештин өкүлдөрү, ошондой эле “Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалиция”, “Кылым шамы” коомдук фонду жана “Жарандык биримдик” коомдук бирикмеси кирди. Башкы прокуратура байкоочу катары катышат.
Эске салсак, саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнда Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада каза болгон.
Ал мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалып, КР УКМКнын СИЗОсунда отурган.