www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чынын айталы, ордо калаабыз башчыга жарыбай койду. Мен мурункулардын кемчиликтерине, чала сабаттыгына, чарбакер эместигине, шаар үчүн жакшы жаңылык жасай албагандарына токтолбой эле коёюн. Биз сөздү учур чак жөнүндө улайлы. Анда кеп башынан болсун.
Ордо калаа ээси Эмил Абдыкадыровдун ишмердүүлүгүнө шаар тургуну катары эки ооз кебимди айтайын. Учурда гезит-журнал саткан күркөлөрдү тартипке, цивилдүү көрүнүшкө келтирүү боюнча иш-чара жүргүзүп жатыпсыз. Колдойлу, бирок эч ыраатсыз. Жинди кашайткан жагы көп (төмөндө токтолом).
Дүйнөнүн баардык өнүккөн өлкөлөрүндө: мейли океандын ары жагы Американы алалы, мейли Европаны титиретип аткан Англия же Германия ж.б. өлкөлөрдү карайлы, алардын миллиондогон калкы бар мегаполистеринде ар бир 200-300 метр сайын, метролорунун кире беришинде, чоң-чоң көчөлөрүнүн кесилишинде, супергипермаркеттеринде ж.б. коомдук жайларда гезит-журнал саткан күркөлөр турат.
Коомду маалымат менен камсыз кылуу биринчи кезекте экени айтпаса да түшүнүктүү болсо керек, антпесе элдин баары маңкурт болуп кетпейби. Эми Эмил мырза, сиздин шаарыбыздагы күркөлөрдү иретке келтирүү жагындагы жасап жаткан копол иштериңизге токтололу.
Биринчиден, эмне үчүн гезит-журнал саткан күркө ээлерин кабыл албай жатасыз? Эмне үчүн алар менен ийри отуруп түз сүйлөшүп, көйгөйлөрүн уккуңуз келбейт? Кол алдыңыздагы тийешелүү кызматкерлер сиздин атыңызды жамынып, “бөрк ал десе баш алгансып”, күркөлөрдү ай-буйга келтирбей алып кетип атат. Эмне үчүн шаар бюджетинин эсебинен бир типтеги киоскилерди жасатып, коюп бербейсиз? Сиз билесизби, учурда гезит-журнал сатып, күнүмдүк тирлик кылган күркө ээлеринин баарында эле 100 миң сом жок экенин? А эң олуттуусу, ушундай ыраатсыз өзүм билемдиктен улам гезиттер сатылбай калуу коркунучуна кептелди. Бийликтегилерге баары бирби?
Кыскасы, ушу суроолорго тезинен жооп берип, чукул арада жаралган көйгөйлөр чечилбесе, аягы нааразычылыктар менен коштоло берет го...
Булак: Азия News гезити