www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызматкерлер 4%, калгандары 8% менен ипотека алышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда «Мамлекеттик ипотекалык компания» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, компанияда ипотеканын эки түрү бар: жеңилдетилген ипотека жана жеткиликтүү ипотека.

«Жеңилдетилген ипотека – бул мамлекеттик сектордо иштеген биздин мамлекеттик кызматкерлер: коргоо, медицина, билим берүү, маданият. Бул категориядагы жарандар 4% менен насыя алышат. Жеткиликтүү ипотека - кирешесин тастыктаган бардык башка жарандар, алар ар бири 8%дан алышат», - деди ал.

Төраганын орун басары жаңы турак-жай программасында насыянын мөөнөтү 25 жылга чейин көбөйтүлгөнүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости