www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьерлерге «деликатес» тартуулоону туура көрдүк. Динозаврлар –өткөн доордун символу эмеспи, алардын го доору тамам болду. Ал эми вице-премьерлердин кээ бирөөнүн доорлору өтсө, кээ бирөөнүн доорлору өтүп кетет...
Гигантозавр
Талгарбеков Бекболот
Акаев заманынын вице-премьери
Вице -премьерлер арасында гиганты. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү да оппозициянын көзгө басаар лидери экенин туюп, көз кырын салып турат. Батыш оң колун сунса, Орусия сол колун сунат, Орусия сол колун сунса, Батыш оң колун сунат. Бирок эки жакка тең назар салган жок. Орусия Украинадан «сүткө тойгон коңуздай» көңүлү калып, бир колу менен Садыр Жапаровду колдосо, бир колу менен Талгарбековду мыкчып кармап тургусу келет. Орусия тынчырак Украинадагы миссиясын аяктап алсын дегендей, сылык гана жардамына муктаж эмес экендигин билдирди. «Европада бир караан коомунизмдин карааны жүрөт» дечү элек, оппозицияда Талгарбековдун карааны көрүнүп калды. Батыш колун сунуп баратты эле, аны үркүтүп салды, 2005-жылдагы революцияны баштаганы үчүн. Батыш айласы жок баякы Москвадагы генерал досторун кайрадан жармаштырбаса болду. Алардын атын укканда эле кээ бирөөнүн жүрөгү түшкөн бойдон, эси ооп дендароо болуп жатып калчу эле.
Оппозициянын ишин алсак, дем алуу күн да эсте кала турган күндөрдөн болду. Көптөн бери баралы деп жүргөн Кегетинин Көл- Төр көлүнө жөө басканды, тоо ташты жакшы көргөндөр чогулуп, барып келишти. «Өзүңду эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло» дегендей - баскан жагынан кыйыны Бекболот Талгарбеков менен Маке (Мамбетжунус Абылов) эч ким жетпей калды. Айрыкча, Маке башында өйдөгө баса албачудай сезилген. Бекболот мырза машина жетээр жерине жетип токтогондон кийин эле рюкзагын асынып алып алдыга безип кеткен. 3 сааттык өр жолдон өткөндөн кийин эле жарым жолдон Маке күч алып баарыбызды артка калтырып таң калтырды. Жаман оюмда шаардан чыкканда эле бул экөөсү кантээр экен деп бушайман болуп жаткандар болгон. Өрдө текедей секирип баскандарын көрүп, саясатта да секирик жасап жаткандары бекер эмес экен деген ойдо калды.
Бул күндүн дагы бир өзгөчөлүгү тоонун булагынан ичип анан бир аз өзүбүз үйдөн алып алган нан - пан менен чектелип, ашыкча тамак жебеди. Бул таза спорт болсун- деп, башынан эле сүйлөшүп алышыптыр. Тилегибиз саякаттап жүрө бербей, саясаттан да майнап чыгарышса экен.
Өткөн чагы: Вице-премьер
Учур чагы: «Чынжырлуу пергаменттүү оппозционер»
Келер чагы: Талгарбеков кимге тийишсе, ал жыдычу эле...
Сейсмозавр
Исмаилова Аида
Жээнбековдун вице-премьери
Сейсмологиялык жактан алганда чакан, сулуу болсо да Аида айым жерди силкинтип барып, аткан октой түз тийет. Иштегенин эл үчүн иштейт, издегенин эл үчүн издейт, учурда Түштүк Кореяда эмне издеп жүргөнүн ким билет ар кайсы тармактын өкүлдөрү менен күн сайын болбосо да апта сайын бетме-бет жолугушуп проблемалардын үстүнөн иштеп жаткандай. Бекер жерден вице-премьерге чейин барып октябрь башаламандыгынан соң кандайдыр бир тажатмаларга ордун бошотуп берген. Тажатмалар курсактары тойгончо чокуп жешти, анан жок болушту. Ордун берген Исмаилова өксүп жатып алган жок, өлөрмандыгын артып тырышып жатып алган жок, эл үчүн иштеп берейин деген ниет менен элчиликти алып иштеп жатат. Калган элчилер үн катпай, алган миллиондогон акчаларын сиңирип жатышса, Аида Исмаилова күн-түн тынымы жок иштеп жатканын эл таанышып турат.
Өткөн чагы: Вице-премьер
Учур чагы: Түштүк Кореядагы тынымсыз эл үчүн иштеген элчи
Келер чагы: Ушундай иштегендер мамлекет башчысынын оң колу болсо, мамлекет өсөт эле
Кетиозавр
Төрөбаев Бакыт
Жапаровдун Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
«Орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт» же ат алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөйт. Вице-премьерби же минкабдын төрага орун басарыбы бары бир сөөгү вице-премьер. Тааныштарына трактор алып берип жүрүп атак алган «тракторист» Төрөбаев бизнести «бышырып» коюп, атасынын ордуна парламентке келгенден баштап нечендерди көрдү. Негизи оома Төрөбаев көрүнгөндүн таманын жалаганы менен оюу укмуш, түз эле президент болуу. Ошол үчүн жаталак музоодой ар кимдин алдына жатып берет. Ташиевди бала кезинде эле МЧСти тартып алып сүзүп кеткен. Азыркы оюу Акылбек Жапаровду жок кылып ордун алып, анан дагы илгерилөө. «Ким жейт куйрукту, кудай айтат буйрукту» дегендей көрө жатарбыз.
Өткөн чагы: Фракция жетекчиси
Учур чагы: Вице-премьер
Келер чагы: Президент боломун дегенде эки көзүнөн жаш куюлуп кетет
Ультразавр
Сарпашев Тайырбек
Атамбаевдин вице-премьери
Сарпашев оңго бурулса ультраоңчул, солго бурулса ультрасолчул болуп жүрүп, Таластан Майрам Акаеванын классташынын кызына үйлөнгөндөн кийин бак айткан. Молдолор илгери бай-манаптарда кандай мактаса, молдо чалыш Сарпашев бийликти дал ошентип мактап жүрүп Атамбаевдин учурунда муратына жеткен. «Жин оорулуу» бирок жинди эмес Сарпашев тендерлерди өзүнө ыйгарып, аны «чычырабыз» дешип генерал Сыймык Жапыкеев баш болгондордун алы жеткен жок. УКМК да укол сайып жүрчү, кокосунан ашата койду окшойт унчукпай калышты.
Өткөн чагы: Вице-премьер
Учур чагы: Камала турганга «кандидат»
Келер чагы: Жегендерин «кусуш» керек
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg