www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын эки провинциясында бир күндө 40ка жакын адам холерадан каза болду. Бул тууралуу “Sputnik” “Khamaa Press” басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык, кооптуу оору өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Гильменд жана Забул аймактарында катталган. Акыркы 24 сааттын ичинде бул жерде 120дан ашык адам холера менен ооруганы аныкталган. Оорудан кеминде 15 бала каза болгон. Ооругандардын көбү Багран, Сивари жана Дайчопан райондорунун тургундары.
Кырдаалга байланыштуу эки облуска тең көчмө медициналык бригада жөнөтүлгөн. Кээ бир жарандар дарылануу учурунда санитардык-гигиеналык эрежелерди сактабай жаткандыктан холера өлүмгө алып келүүдө. Ооганстандын саламаттык сактоо министрлиги Кандагар провинциясында дагы бир нече инфекция каттлганны маалымдады.
Маалымат үчүн айта кетсек, холера – бул Vibrio cholerae микроорганизми козгогон курч инфекция. Оору ич өткөк менен коштолуп, суусузданууну жана кан тамырлардын жетишсиздигин пайда кылат. Көбүнчө инфекция булганган суу же деңиз азыктары аркылуу жугат.
Булак: NazarNews.kg