www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыгы даяр болду. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, экспертизанын жыйынтыгы Шакиров жүрөк артериясынын атеросклероз илдетинен көз жумганын көрсөткөн.
Адистер муну менен катар лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын эске алуу менен кылмыш ишиндеги материалдардын көчүрмөсүн изилдеп чыгышкан.
Милициядан белгилешкендей, соттук медициналык экспертизанын «цефтриоксон менен физраствор препараттарынын сайылышынан улам жүрөгү кармаганбы?» жана «өлөр алдында алынган препараттар менен жүрөктүн кармашынын байланышы барбы, болсо кандай?» деген суроолорду кароого компетенттүүлүгү жок.
Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин катышуусунда комплекстик соттук-медициналык экспертиза дайындоо пландалып жатат.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бактияр Шакиров анафилактикалык шоктон көз жумганын айткан.
Белгилей кетсек, 2-апрелде ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Буга байланыштуу аталган оорукана жетекчиси баш болуп, башкы дарыгер, лор бөлүмүнүн башчысы жана медайым убактылуу кызматтан четтетилген.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин күнөөлүүлөргө чара көрүлөрү айтылган.
Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдаган.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg