www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Уу коргошунду коронавируска каршы колдонууга болбойт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.
--“Дары качан дары болот, анын дозасы туура табылганда дары болот. Эгер дозадан ашып кетсе өтө зыян. Уу коргошун аябай коркунчутуу болуп эсептелет. Ал эми дозага жетпей колдонсо ден-соолукка жардамы аз болот. Дозаны табуу аябай кыйын, ал кылдаттыкты талап кылат. Калың элдин тамырын кармап дозасын табуу өтө оор. Эгер коомчулукту ичкиле дей турган болсо, опурталдуу. Андыктан көпчүлүк колдонбой эле койгон оң. Негизи уу коргошун дары, бирок коронавируска дары болбойт. Вирусту башка ыкмалар менен дарылап, башка эле дарыларды пайдалануу зарыл. Тилекке каршы бул вируска каршы дары жок. Ал эми Кытай өздөрүнүн дарыларын вируска колдонуп жатышат, мүмкүн шыпаасын берип жаткандыр”, - дейт Сарыгулов.
Булак: NazarNews.kg