www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишти артка тартып, иштебей жаткан министрилер бар, ошол эле учурда ишин абдан жакшы тартып жаткан министр бар. Мисалы, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эң жакшы иштеп жатат.
Мындай пикирин президент Садыр Жапаров АКИпресс агенттигинин журналисттеринин суроолоруна жооп берип жаткан учурда билдирди. Айтымында, Алымкадыр Бейшеналиевдин тили сайрабайт, бирок иштин майын чыгара аткарат.
«Үч айдан бери иштери алдыга жылбай жаткан министрликтер да бар. Ошол эле учурда ишин абдан жакшы тартып жаткан министр бар. Мисалы, саламаттыкты сактоо министрин Алымкадыр Бейшеналиевди депутаттар тепкилеп, «алабыз, бул иштебейт» деп жатышпайбы.
Бирок, ал чынында эле жакшы иштеп жатат. Өзү (министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу) доктор, профессор. Ошол тармакта өмүр бою эмгектенип жүргөн киши экен. Болгону эле тили сайрабайт экен, сөз байлыгы жок. Бирок менеджер.
3 айдын ичинде оптимизация кылды, реформа жасады. Медицина тармагында ичип-желип кеткен, уурдалган акчанын баарын таап, топтоп алып келди. Ошонун негизинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулаттык. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы эмгек акыны 100 пайыз көтөрүп бердик. Бул 3,5 миң киши. 10 миң дарыгерге 50 пайыз көтөрүп бердик.
Мунун баары саламаттыкты сактоо министринин жетишкендиги, анын тыным албай иштеген эмгеги болду.
Жакында келип калат. Мобилдик клиника алып жатабыз. Бүт облустарды кыдырат. Абдан чоң клиника болот. Нарындан баштайлы деп жатабыз. Нарынга барып, облустун элин бекер дарылайт, бекер көрөт, хирургиялык операциялар акысыз жүрөт. Томографиясы да бар.
Ал жердеги медиктердин да эмгек акысы чечилди. Абдан жакшы эмгек акы алып иштешет. Эң негизгиси 5 жыл ичинде элибизди бекер дарылайбыз. Дарысы да, операциясы да, караганы да бекер болот. Араб туугандар жардам берип жатат», - деген Жапаров.
Эске салсак, өткөн жылдын 15-октябрында Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg