www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөдө адамдар сырдуу кубулуштарга ишенишет жана кээ бирөөлөр чындап эле кандайдыр бир көрөгөчтүк жөндөмгө ээ болушат. Нострадамус менен Ванганын ысымдары тарыхта эчак эле жазылып калган, бирок азыр сырдуу кытайлык көзү ачык социалдык тармактарда чоң талкуу жаратууда.

"Рамблер" басылмасы маалымдагандай, бир дагы ЖМК өзүнүн божомолдору менен атактуу болгон кытайлык адамдын ысымын атаган эмес. Көзү ачык буга чейин ханыша Елизаветанын каза болгон күнүн так атап, жаңылган эмес.

Анын үстүнө, заманбап дүйнөдө, ал тургай, алдын ала кирешелүү монетизациялоого болот: кытайлык көзү ачык британ ханышасы каза болгон күнгө акча коюп, анын божомолу ишке ашканда, 840 миң доллар утуп алган. Андан тышкары, ал утушун криптовалюта менен алган.

Бирок оюнчу-көзү ачык муну менен эле токтоп калган жок. Эми ал 2023-2024-жылдары боло турган коркунучтуу окуяларга акча койгон.

Кытайлык көзү ачыктын божомолу боюнча, 2023-жылдын 1-октябрына чейин дүйнөдө жүргүнчү ташыган учак кыйроого учурайт. Экинчи коркунучтуу божомолдо НАТО өлкөлөрүнүн лидерлеринин бири 2024-жылы өлөт деп айтылат. Көзү ачыктын айтымында, саясатчынын өлүмү адам өлтүрүү аракетинин натыйжасында болот.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости