www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап, дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болгон Аруузат Ташматованын дарысына каражат толугу менен чогултулду. Бул тууралуу Аруузаттын апасы түз эфирде билдирди.

Аруузаттын апасы каражатты топтоого жардам бергендерге ыраазычылык айтып, мындай каражатты топтой албай калышынан кооптонгонун, бирок, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу мындай чоң суммадагы акча чогултулуп, Аруузаттын дарылануусуна шарт түзүлгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, Аруузатка керектүү болгон дары дүйнө жүзүндөгү эң кымбат каражаттардын бири. "Золгенсма" аталышындагы дарынын баасы 2 миллион 300 миң доллар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости