www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-августта «Бишкек Аренада» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт. Билеттерди ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот.  

Президенттин иш башкармасы билдиргендей, билеттин баасы сектор жана орунга жараша 5000 сомдон 9000 сомго чейин болот.

31-августта «Бишкек Аренага» жеке автоунаа менен барууга болбойт. Атайын белгиленген 22 пункт болот. Ошол жактардан акысыз трансфер уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин каттайт. Акыркы автобус саат 15:00дө жөнөйт. Андан кийин «Бишкек Аренага» ташуу токтотулат. Жолдо токтоочу жайлар каралган эмес.

Автобус жөнөөчү пункттар:

1. Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү;

2. Жибек Жолу көчөсү 605;

3. Барпы Алыкулов көчөсү 32;

4. Саякбай Каралаев көчөсү 62, 12-кичи район;

5. «Ак-Кула» автобекети;

6. Ауэзов көчөсү 4;

7. Анкара көчөсү 1/1;

8. Айыл көчөсү 10А/1;

9. Жибек Жолу проспекти 263/2;

10. Иса Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү;

Чакыруу билети менен келген коноктор үчүн:

Кожобергенов көчөсү 13;

Эркиндик бульвары 1/А;

Жаш Гвардия көчөсү 287;

Токтоналиев көчөсү 104;

Шабдан баатыр көчөсү 52;

Москва көчөсү 266;

Васильевский тракт 18;

Гагарин көчөсү 284;

«Ала-Тоо» жаңы конушу 117;

«Ак-Жол» өткөрмө пункту (бажы);

«Манас» аэропорту.

Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр автобустан түшкөн жерге кайра барышы керек. Ал жерден келген автобусту таап, ага отуруу зарыл. Автобус көрүүчүлөрдү алып кеткен жерге кайра жеткирет.

Иш-чарага башка мамлекеттердин башчылары да катышат. Ушуга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

7 жашка чейинки балдар киргизилбейт.

Билетти башка адамга өткөрүп берүүгө жана кайра сатууга болбойт. Иш-чарага кирүү Face ID технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошондуктан билет анын ээсинин жеке маалыматтарына байланыштырылган.

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
4399
11.08.2026 15:34