www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында жарандарды ур-токмокко алып, акча талап кылган үч шектүү кармалды. Ош ШИИБдин маалыматына ылайык, окуя 2026-жылдын 15-июль күнү болгон.
Тергөө маалыматтарына караганда, Ош шаарынын тургундары — 2008-жылы туулган Д.З., 2004-жылы туулган Н.М. жана 2005-жылы туулган Ю-ва М. автоунаа менен бара жатып, жолдо кетип бара жаткан өздөрүнө тааныш кыз-жигитти көрүшкөн. Андан соң алар унаадан түшүп, жарандарды ур-токмокко алып, акча талап кылышкан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгү («алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо») менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр 2026-жылдын 25-июлунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ош шаардык сотунун 27-июлдагы чечими менен 2008-жылы туулган Д.З. жана 2004-жылы туулган Н.М. эки айга камакка алынды. Ал эми 2005-жылы туулган Ю-ва М. үй камагына чыгарылды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.