www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө “алыш” бел боо күрөшү боюнча беттештер өттү.

Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы “алыш” бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча 4 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңип алды.

Эркектер арасында 60 кг салмак даражада Роман Сапаров, 80 кг салмакта Эсенбек Кудайбердиев жана 90 кг салмакта Ойбек Камулов, кыздар арасында 75 кг жогорку салмактагылар арасында Нагира Сарбагышева IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору аталышты.

Кыздар арасында 55 кг салмак даражада Самара Абдумалик кызы жана 60 кг салмакта Элза Абдыкадырова 2-орунду ээлеп, күмүш медалдардын ээлери болушту.

Ошондой эле 100 кг салмак даражада Орозбек Аширов, 100 кг жогоркулар арасында Муктарбек Калыбек уулу, ал эми кыздар арасында 75 кг салмак даражада Адина Нурматова 3-орунду ээлешти.

Эскерте кетсек, көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сыноодо: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости