www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынан чет өлкөгө кеткен ырчы Алла Пугачева жана анын күйөөсү, шоумен Максим Галкин Москва облусундагы сепилин сатууну чечишкен. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

"Алла Пугачева Грязь айылында сепилди сатыкка койду. Алла Борисовна аталган сепилди миллиард рублге баалоодо. Ал бул үчүн жана балдарынын документтерин мектептен алып кетүү үчүн Орусияга кайтып келген" - деп жазат Mash Telegram каналы.

Үйдүн аянты 2300 чарчы метрди түзүп, ал бир гектар жерде жайгашкан. Алты кабаттуу сепил 20 бөлмөдөн турат. Сепилде чоң бассейни, сахнасы бар үй-бүлөлүк театры, жер астындагы гаражы бар.

Максим Галкин согуш башталгандан бери чет өлкөдө жүрөт жана Украинаны колдойт. Галкин согушту айыптаган биринчи орус жылдыздарынын бири болгон. Россия Федерациясынын Юстиция министрлиги аны чет элдик агенттердин реестрине киргизген.

Булак: NazarNews.kg


Последние новости