www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Донбасстагы атышууда эки аскер окко учту

Украинанын чыгышындагы атышууда жикчилдердин огунан акыркы суткада эки аскер каза таап, дагы 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Донбасстагы украиналык Бирдиктүү күчтөр кыймылынын басма сөз борбору маалымдады.

Маалыматка ылайык, ок Минск келишиминде тыюу салынган артиллериядан атылган. Өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» ("ДНР" жана "ЛНР") деп атап алган жикчилдер өздөрү тараптан жоготуулар болгонун кабарлашкан жок. Алар Украинага таандык учкучсуз учак Донецкидеги мунай базасына чабуул койгонун бекемдешүүдө.

Донбасстагы куралдуу жаңжал жети жылдан бери уланып келе жатат. Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактары жикчилдердин көзөмөлүндө.

Батыш өлкөлөрү жана Украина аларга куралдуу колдоосу үчүн Орусияны айыптап келет. Кремль бул айыптарды четке каккан.

Былтыр жайында ок атышпоо келишими кабыл алынган. Украин тараптын маалыматы боюнча, бул аралыкта 45 адам өлдү, анын ону акыркы бир айда көз жумду. Октон өлгөндөрдүн арасында жай тургундар да бар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости