www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дос айрылат, туура бийде тууган жок

Кыргызстанда акыркы күндөрү коомдун көңүл чордонунда Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн бузулган мамилеси жана эми эмне болот деген бүшүркөөлөр эң көп талкууланган темалардын бирине айланды.

Президент соңку маегинде бул кооптонууларга түз жооп берип, жеке мамиле сакталарын, бирок досу мамлекеттик кызматка кайтып келбей турганын белгилеп, “эс алып, ден соолугуңду кара” деп айтканын билдирди. Натыйжада, Ташиевдин кызматтан кетиши айрымдар тарабынан элита ичиндеги жарака катары кабыл алынган суроолорго коюлган чекит болду.

Арийне, президенттин маегине удаа үч министр иштен алынды. Тактап айтканда, Өлкө башчысынын буйругуна ылайык Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаевди кызматтан кетти. Алдыда дагы кетчүлөр бар. Муну тазалануу процесси катары караса жарашат. Анткени кадрдык өзгөрүүлөрдөн трагедия жасаштын кажети жок. Кимдир бирөөнү иштен алууну, дайындоону президент чечет. Ошондой ыйгарым укук берилген.

Ушул жерден бир жагдайды белгилей кетпесек болбойт. 2020-жылдагы окуялардан кийин Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өтттү. Конституциялык өзгөрүүлөр президенттик институттун ыйгарым укуктарын кеңейтип, аткаруу бийлигинин ролун күчөттү.

Демек, учурдагы бийлик вертикалы салыштырмалуу бекемделип, саясий чечимдер борборлоштурулган мүнөзгө ээ болду. Жогорку Кеңеш жаңы конституциялык шартта мыйзам чыгаруу функциясын аткарууну улантканы менен аткаруу бийлигине салыштырмалуу таасири азайды.

Кыргызстан бүгүн “көзөмөлдөнгөн стабилдүүлүк” абалында. Ачык кризис белгилери байкалбайт. Ошол эле учурда коом бийликтин ички динамикасын кылдат байкап турат. Эгер кадрдык өзгөрүүлөр жеке таасир үчүн күрөш катары кабылданса ишеним солгундашы мүмкүн. Анткени, бөлүнүүгө жол бербөө сөз менен эмес, адилет башкаруу аркылуу ишке ашат. Азыркы саясий этап дал ушул принциптин сыналуучу учуру болуп турат.

Последние новости