www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга чейин жеткире алышат, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.

Анын айтымында, товар жүгүртүү туруктуу түрдө өсүүдө. 2025-жылы бул көрсөткүч 3,1 миллиард доллардан ашкан.

- Президенттерибиздин товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча тапшырмасын аткарууга бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Баары Кыргызстандын экономикасынын канчалык туруктуу жана олуттуу өнүгөрүнө жараша болот. Өсүш темптери суктанарлык. Бардык шарттар туура келгенде, товар жүгүртүүнү керектүү көрсөткүчкө жеткиребиз, андан ары жаңы максаттар коюлат, - деди элчи.

Последние новости