www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болуп, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселеси көтөрүлдү.
Төрага Марлен Маматалиев Алтамаш Вазир Ханды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, мамлекеттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.
Тагыраагы Төрага Кыргызстан Пакистан мамлекети менен калыптанган бардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, жакында эле Президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө жасаган мамлекеттик сапары жемиштүү болгонун эске салды.
“Эки өлкөнүн алакасын кеңейтүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп. Айрыкча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүбүз кажет. Ошону менен катар парламенттер аралык диалогду кеңейтип, эки мамлекет ортосунда жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүүгө даярбыз”, – деди Марлен Маматалиев.
Андан тышкары, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарыл экенин айткан Төрага депутаттык достук топторунун деңгээлинде да байланыштарды күчөтүү керектигине токтолду.
Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, тажрыйбалуу, иш билги жетекчи катары Кыргызстан менен Пакистандын алакасын жаңы баскычка көтөрүүгө көмөктөшөрүнө ишенерин билдирди. Анын ичинен парламенттер аралык диалогду тереңдетүү учур талабы экенин айткан элчи жакынкы аралыкта Төрага Марлен Маматалиевди Пакистанга расмий сапар менен барып келүүгө чакырды.
“Кыргызстан биздин ишкерлер үчүн Борбор Азия мамлекетине ачылган дарбаза. Ага ылайык, ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, соода байланышын да жакшыртышыбыз керек”, – деди элчи.
Тараптар аталган багыттагы айрым маселелерге токтолушуп, биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин белгилешти.