www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү планынын жана тармакты жаңылоого багытталган реформасынын алкагында 2026-жылы Жалал-Абад облусунда жалпы 35–500 кВ чыңалуудагы 726 чакырым аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Аталган иштерди Жалал-Абад электр тармактар ишканасы март айынан тартып ноябрь айына чейин аткарат. Жаңылоо иштери «КУЭТ» ААКнын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
Быйыл жаңылана турган 726 чакырым аба чубалгысы төмөнкү район жана шаарларда жүргүзүлөт:
-Манас шаары — 46 чакырым;
-Сузак району — 150 чакырым;
-Ноокен району — 118 чакырым;
-Кочкор-Ата шаары — 12 чакырым;
-Таш-Көмүр шаары — 34 чакырым;
-Базар-Коргон району — 70 чакырым;
-Базар-Коргон шаары — 18 чакырым;
-Аксы району — 43 чакырым;
-Ала-Бука району — 60 чакырым;
-Токтогул району — 91 чакырым;
-Токтогул шаары — 12 чакырым;
-Кара-Көл шаары — 44 чакырым;
-Чаткал району — 13 чакырым;
-Майлуу-Суу шаары — 15 чакырым.
Муну менен катар:
-10 541 даана изолятор алмаштырылат;
-798 даана вибрацияны басаңдатуучу түзүлүш орнотулат;
-198 даана канаттуулардан коргоочу КЗ-70 үлгүсүндөгү жапкыч коюлат;
-мамычаларга баруучу 70 чакырым жол калыбына келтирилет.
Энергетиктердин негизги максаты — электр энергиясын керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз, коопсуз жана сапаттуу жеткирүү, жогорку чыңалуудагы тармактардын ишенимдүүлүгүн арттыруу жана авариялык өчүүлөрдүн алдын алуу болуп саналат.
Керектөөчүлөр үчүн байланыш:
105
0772 00 12 09
0556 00 12 09
WhatsApp: 0702 00 12 09