www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министри болуп турганда коррупцияга айыпталып, кылмыш иши козголуп иштен алынган Доскул Бекмурзаев эмдигиче жоопкерчилик тартпай «ак карга» болуп жүргөнүнө таң калгандар арбын.
Дегенибиз, эгер туура эмес кылмыш иши козголгон болсо, ак жеринен жаманатты кылгандар жооп бериши керек эмеспи. Болбосо, иштен алуу үчүн гана эл көзүнө кылмыш козголгон саясат жүрүп жатса, коррупция менен күрөшүүдөн натыйжа чыкпайт.
Бирок Башкы прокурор Курманкул Зулушев Доскул Бекмурзаев ден соолугуна байланыштуу Турцияда дарыланып жаткандыктан суракка алына электигин, келсе эле жоопкерчилиги каралат деген эле. Калп айттыбы, же элдин көзүн будамайлап маалыматтык манипуляция кылганбы, айтор Бекмурзаев башым дебей эле, айылында майрамдап жүрөт.
Өң карама, тандалма саясаттан кутулбас болдук. Мыйзам карапайым элге эле иштейт. Чоңдорго болсо, «карга карганын көзүн чукубайт» болгон мыйзамды буйлаланган төөгө айланткан көрүнүш.
Булак: NazarNews.kg