www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Фейсбуктагы баракчасында Эл акыны менен Эл жазуучуларына нааразычылыгын билдирди: «Кыргыз тилинин душмандары ушунчалык көп экен! Мыйзамды сунуштап жатып эми түшүндүм! Мени жегени калышты. Кыргыз тили деп жандалбас кылып жатсам, бир дагы Эл акыны менен Эл жазуучусу колдоп коюшпады! Аттиң», — деп жазды ал.
Чындыгын айтыш керек Каныбек Осмоналиевдин келиши менен кыргыз тили өзүнө упай чогулта баштады. Кыргыз тили мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси мурунтан эле кызматка жетпей калгандар же кызматы жок жүргөн жакындары үчүн убактылуу «аштоо» болуп келген. Атасак, Рыскелди Момбеков, Назаркул Ишекеев, Сыртбай Мусаев жана башкалар. Бул синдромду Каныбек Осмоналиев талкалаганы турат, себеби ал бүгүнкү күндө «тирүүлөй» мамлекеттик катчы, бирок мындай үлкөн кызматка көз артпай, кыргыз тилибизди көтөрүп берейин деп ушул жерге келип отурат.
Өз алдыбызча эркин, эгемендүү мамлекет болгондон берки бирден-бир эң негизги көйгөйлөрдүн бири – эне тилибизге болгон кайдыгер мамиленин бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатканы болууда.Чегирткеден корккон эгин экпейт, же карышкырдан корккон токойго кирбейт болуп, өз көлөкөбүздөн өзүбүз коркуп, бир нерсе болсо эле Кремль эмне балээсин баштап жиберет деп чочулап, кылчактай берип ушул убакка келдик. Бул жалтактык канчага чейин уланыш керек? Аскар Акаев кошомат кылып орус тилин Конституцияга расмий тил кылып кийирип, кыргыз тилинин мойнуна илип кеткен зоолудан акыры кутулушубуз керек. Бул мезгил талабы...
Кыргыз тилинин өгөйлөнүп келатканы айдан-ачык, орус императорлорунун заманында да, советтик «жол башчыларынын» заманында да документтер да орус тилинде жазылып келген. Мунун себеби бар чыгыш славян катары белорус, украиндер менен байыркы орусту түзгөнүнө миң жыл болгон орустар өзүнөн мурунку байыркы элдерди жактырган эмес. Ошондуктан кыргыз элинин тарыхын Орусияга кошулгандан баштап өсө баштады деп, ага чейинки тарыхы жок болгон деп келген. Аймагы жагынан азыркы бүт Европага тете жүздөгөн жыл Азияны титиретип турган «Улуу Кыргыз державасы» тууралуу кеп болгон эмес. Эгемендүүлүктүн учурунда гана бул тууралуу оозго алынууда.
8000 жылдык кыргыздын трагедиясы, өзүнүн орхон-энесай таш жазмасына калтырган, жана андан кийинки Чагатай тилинин жанчылгандыгында. Акыркы мезгилдеги кыргыз тарыхий китептери кыргыз эли сегиз миӊ жылдан бери жер шарында жашап келатканын тактайт. Ал эми орус тарыхчылары биринчи орус ачылыштарын летописчи Нестор тарабынан байыркы Киевде XII кылымда жазылган «Байыркы жылдардын тарыхы» летописинде башталган деп эсептешет. Бул летописте IX кылымдын ортосунан баштап XII кылымдын башына чейинки окуя сʏрѳттѳлѳт. Киев Русунун Европа жана Азия менен байланышын сʏрѳттѳйт. Бул летописте орус дѳӊсѳѳлѳрʏ Балтика боюнан баштап Карпат, Кавказ, жана Каспий, Кара деӊиздерге чейин сʏрѳттѳлѳт. Чыгыш Славяндарга Эдил (Волга) менен Борбордук Азия араӊ белгилʏʏ болгон. Ал эми Шибер (Сибирь), Ыраакы Чыгыш жана башка жерлер тʏштѳрʏнѳ да кирген эмес. Бул летописте орус жерлерин бириктирʏʏ тууралуу алдыӊкы ой жʏгʏртʏʏлѳр камтылган. XVI кылымда гана орус окумуштуулары «Большой чертеж» деген китепке ээ болушкан. Бул китепте кантип кѳчмѳндѳрдѳн «кыргыздардан» коргонуу керек экендигин биле турган чек аралардагы аскердик курулуштар ʏйрѳтʏлгѳн.
Ушул себептен улам совет мамлекетинде байыркы кыргыздардын тарыхын окутуу кылмыш иши катары эсептелген. Байыркы кыргыз тарыхы эмес, советтик деген наам менен кечээки орус тарыхы окутулуп келген. Байыркы кыргызды унуткаруу ʏчʏн келечек муундардын мээсин айлантышкан. Орустардын чек арасын коргоп келген тʏрк- кыргызча сʏйлѳп келишкен орус-казактарды зордоп орусташтырып, орус тилдʏʏ элге айлантышкан. Тʏрк элдеринин жалпы ортолук тил катары жашап келаткан Чагатай тилин жанчып жок кылышып, орус тилин мажбурлап кийиришкен. Албетте, кыргыз элинин сегиз миӊ жылдык кыргыз санжырасына салыштырмалуу бул жылдар кечээки эле жылдардай кѳрʏнѳт. Кыргыз эли он эки жылдык жаныбарлардын астрономиялык тʏзʏлʏштѳрʏн тʏзʏп келишкен. Алар бʏгʏнкʏ кʏнʏ да астрологдор тарабынан кеӊири колдонулуп келатат.
Коңшу Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан расмий тили жок эле, Россия менен өнөктөш мамлекет катары тыгыз кызматташып келе жатышат. Силер орус тилин эмнеге расмий тил кылбайсыңар деп Москва алар менен алакасын үзүп, кысым, басым көрсөткөн жок. Тескерисинче, бизге караганда тең ата мамиле кылышат. Биз эле ашкере кошоматчы, жалтак, гумандуу болуп, анан ич ара бири-бирибизге сын, акыл айтып, тилибизге көңүл бурулбай калды деп жер муштай беребиз. Өзүн сыйлаган эл, өзүнүн аброюн, беделин ойлогон мамлекет күнкор саясаттан арылышы кажет. Кул гана эркиндикти эңсебей, жакшы кожоюн издейт. Эркиндик болсо оокатым өтпөй калат деп коркот. Кулдук сезимден кутулмайын, жаркын келечекти куруу мүмкүн эмес.
Ошондуктан, Кыргызстанда кыргыз тили гана расмий жана мамлекеттик тил болуш керек! Кыргызстандын жарандары улутуна карабай кыргыз тилинде сүйлөөгө, билүүгө милдеттүү. Албетте, эч кимди мажбурлоо болбойт. Болгону талап болсо, муктаждык жаралса өздөрү эле үйрөнөт. Кыргыздар өзүбүз обу жоктонбой кыргызча сүйлөйлү. Бирөө орусча кайрылса, кыргызча жооп берели. Муктаждык жараталы. Анан өзүбүз бир орус тилдүүнүн көңүлүн карап, он кыргыз чулдурап орусча сүйлөп маңкурт болбойбу. Мамлекет башчысынан тартып, кетмен чапкан дыйканга чейин кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилибизди көкөлөтсөк ошондо тил өнүгөт. Кыргыз тилине болгон муктаждык, талап жогорулайт.
Кыргыздар тууралуу орус империясынын тушунда да, СССР убагында туура эмес маалыматтар берилип жүргөн. Орустар байыркы кыргыздарды эсинен чыгарып, белгилүү окумуштуусу Кызласовга кулак түрүп турушту. Ал хакас «Кыргыз» деген эл болгон эмес, кыргыздар хакастардын башкаруучу уруусу болгон деп келжиреп турду. Мейли келжиресе келжиресин болгон күчүн ал эч кандай «энесай кыргыздары» Ала-Тоону көздөй көчүшкөн эмес деп азыркы кыргыз элинин «Шибердеги тарыхын» кыя чаап жатат. Ал байыркы кыргыздардын 18 кылымга чейин энесайдагы тарыхын жокко чыгарып жатат. Мындай ойго орус окумуштуусу Виктор Козодой макул эмес. Козодой деген орусиялык тарыхчы энесай кыргыздарын туура эмес аташкан «шибер кыргыздары» деп аташ керек деп туура даңкылдатып жатат. Кыргыздар Шиберде биринчилерден болуп мамлекет курушкан. Ал мамлекет биздин замандын III кылымынан XVII кылымга чейин жашаган деп. Козодой советтик мезгилдеги окумуштуулардын гипотезаларын койдой союп, талкалап жатат. Ким мамлекет башында болсо алардын көзүн карап, тарых жаза алышпаган байкуштар ар кайсыны айтып дөөрүшкөн.
Падышачылык заманында, Совет доорундагы орустар эмне десе ошону туурагын кыргыз тарыхчылары энесай кыргыздарын ата -баба кылгандан дырдай качышчуу эле. Анан жалган тарых кантип болсун. Козодой «Шибер кыргыздары» деп атабызды бир заматта таап берип койду. Азыркы кыргыздар ошол «Шибер кыргыздарынын» тукумдары деп жазып жатат, мындайча айтканда кыргызга бүтүндөй Шиберди ыйгарып салды.
Козодой Кызласовдун теориясы туура эмес деп жокко чыгармай болду. Кызласовдун «Хакастар» деген китеби хакастарды мактап, кыргыздарды басынткан китеп. Хакас деген эл советтик заманда эле пайда болгон. Мурун орустар аларды «миңсуулук (минусинский) казактар» деп аташкан. Совет мамлекети учурунда «хакастар» деп аталып калган. Эми жаңы ат алганына 100 жыл боло элек хакастар Кызласов аркылуу тарыхыбызды талашып жатат.
Орусча сүйлөө бул - акылдуулук, билимдүүлүктүн көрсөткүчү эмес. Тескерисинче, Кыргызстанда жашап кыргыз тилинде сүйлөй албагандык уят, намысы жок арсыздык. Керек болсо маңкурттук. Арийне, орус, англис жана башка тилдерди бил. Көп тил билгендин зыяны жок. Бирок, кыргыз тили жашооңдо биринчи орунда болушу зарыл. Эне тилиңден өткөн байлык болбойт. Кыргыз тилин билүү – сыймык эсептелген даражага көтөрүү ар бир кыргыздын ыйык милдети. Кыргыз тилинин кадырын көтөрүү, аброюн арттыруу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сөзсүз түрдө кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген, ансыз мамлекеттик кызматта иштей албай тургандай мыйзамды кабыл алуу мезгил талабы. Мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилинде жүргүзүлүп, жыйын-чогулуш бир гана кыргыз тилинде өтүш керек.
Ошондой эле, кыргыз тилин кордоп ашмалтайын чыгарган көрнөк-жарнактар Улуттук тил комиссиясынын уруксааты менен гана илинип, эфирге кеткидей мыйзамды киргизүү парз. Бул талаптар кыргыз тилине болгон муктаждыкты жаратчу зарыл чара болуп саналат. Демек, бул багыттагы Улуттук тил комиссиясынын сунуштап жаткан мыйзам долбоорлору аба-суудай керек!
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg