www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР өнөр жай жана энергетика министри менен маек.

- Доскул мырза, бүгүнкү күндө карапайым элди кооптондурган электр жарыгына болгон баа жана анын өсүшү. Ушу боюнча түшүндүрмө берип кетсеңиз?

- Электр энергиясына болгон баа мурунку тариф менен сакталып турат. Биздин жарандар бул боюнча кабатырланбай эле коюшса болот. Анткени, пенсия, пособие, эмгек акылар тийешелүү деңгээлде эмес. Президент, өкмөт башчы да түшүнүп турат.

Тарифтер социалдык абалга жараша коюлган. Ооба, “электр жарыгын өндүрүүдө көйгөй жок” дегенден алыспыз. Канчалык татаал болбосун, аларды болгон күч-аракеттерди жумшоо менен чечсе болот.

Бул кызматка келип, жакындан “ашканасы” менен тааныша баштаганда, энергосистемада баардык жаралган көйгөйлөрдү ушуга чейин экономикалык жагына басым жасап чечип келген. Башка жактарына көп деле көңүл бөлүшкөн эмес.

Энергетиктер көпчүлүк учурда саясатка аралашып кеткен. Биз саясаттан жаа бою качышыбыз керек. Ар бир энергетик адис өз ишин кылганы оң.

Булак: Азия News гезити

Последние новости