www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эски саясатчылар нейтралдаштырылып, жаңы саясий күчтөр азыркы абалда кимге оошту билбей турат. Мындай пикирди Казакстандык белгилүү саясат талдоочу Досым Сатпаев билдирген.  

--"Садыр Жапаров учурунда, тээ 2005-жылы эл жоготобуз деген саясий системаны кайрадан курганы жатат. Кыргызстан көп убакыт парламенттик республика куруу боюнча далалат жасап, президенттик-парламенттик башкаруу өңдүү кызыктуу моделде жашап келди.

Жапаров азыр Борбор Азиядагы башка авторитардык мамлекеттерге мүнөздүү президенттик башкарууну калыбына келтиргени жатат.  Ал Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөгүдөй саясий системанын конструкциясын түптөөдө. Былтыркы октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстандагы саясий айдың абдыраган (ред. в растерянном) абалда, Жапаров үчүн ушул абалдан пайдаланып калуу пайдалуу жана маанилүү болуп турат.

Эски саясатчылар нейтралдаштырылып, жаңы саясий күчтөр азыркы абалда кимге оошту билбей, саясатта боштук пайда болгондой. Жапаров аны өзүнө лоялдуу саясатчылар менен толтуруп, парламентти колго алгысы келип жатат", - дейт талдоочу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости