www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи бөлүм
Биринчи сессия... Кыргыз ССРинин 12-чакырылышындагы Жогорку Советинин биринчи сессиясы 1990-жылдын 10-апрелинде ачылат. Сессияны Кыргыз ССРинин Конституциясынын 102-статьясына ылайык Кыргыз ССРинин депутаттарын шайлоо боюнча Республикалык шайлоо комиссиянын төрагасы М.И.Ибраев ачат. Ал Конституциянын талабына ылайык, оболу мандат комиссиясын түзүү керектигин, саны 15 киши болсун деп, бир күн мурда жаңы шайланган депутаттардын жумушчу тобу белгилегенин билдирип, (ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунда каралган) добушка коёт. Мандат комиссиясынын төрагалыгына Турганов Казыбай Алымовичти сунуштап, аны шайлоо боюнча өзүнчө добушка коёт. Калган мүчөлөрү тизмеде бар деп «оптом» добушка коюлат. Бардыгы өтөт.
Ошентип, мандат комиссиясы шайланып, алар депутаттардын ыйгарым укуктарынын тууралыгын текшериш үчүн 40 мүнөттүк убакыт сурап, танаписке кетишет. Ушинтип, легендарлуу парламенттин иши башталат. Танапистен кийин К.Турганов: «Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин мандат комиссиясы Кыргыз ССРинин Конституциясынын 100-статьясын жетекчиликке алуу менен 1990-жылдын 25-февралында, 4-мартында жана 7-апрелинде шайланышкан Кыргыз ССР эл депутаттарынын полномочиелерин текшерди жана бул иштердин натыйжаларын сиздердин карооңуздарга коёт» деп, шайлоо 350 шайлоо округунан альтернативдик негизде өткөрүлгөнүн, талапкерлер эмгек коллективдеринен жана коомдук уюмдардан жана шайлоочулардын жашаган жерлериндеги чогулуштарынан көрсөтүлгөнүн, шайлоо алдындагы иш-чаралар ачыктыктын жана маалымдуулуктун кырдаалында жүргүзүлгөнүн кошумчалайт (12-шайланган Кыргыз ССРинин жогорку Советинин биринчи сессиясы (1990-жылдын 13-14-апрели) стенографиялык отчет. Фрунзе, 1990. 1-5-бб. Эскертме, мындан кийин стенографиялык отчёт деп берилет). Ал 350 шайлоо округуна 1040 депутаттыкка талапкер көрсөтүлгөнүн, анын 84ү жашаган жериндеги шайлоочулардын чогулуштарын да көрсөтүлгөнүн, ал эми 1040 талапкерден 878 адам талапкер катары сапаттык курамына кенен токтолуп: «28 депутаттын окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы бар. Мунун ичинде 5 адам СССР жана Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын академиктери...» - деп ж.б. көрсөткүчтөрдү билдирет (аталган стенографиялык отчёт, 7-б.). андан соң «342 депутаттын полномочиелер туура деп табылсын» деген токтомдун долбоорун бекитип берүүнү сунуштайт. Токтом бир добуштан кабыл алынат. Ушундан кийин сөз депутат К.Акназаровго берилип, ал А.Масалиевди Кыргыз ССР Жогорку Советинин председателдигине көрсөтөт. Ал: «1990-жылдын 9-апрелинде Кыргызстан Компартиясынын БКнын пленуму, андан кийин Кыргыз ССР эл депутаттарынын кеңешмеси болуп өткөнүн, анда Кыргыз ССР Жогорку Советине председатель шайлоо жөнүндө кеңири талкуу болгонун билдирет (стенографиялык отчет, 8-б.). Чынында эле Кыргызстан КП БКнын пленумунда кеңири сөз болуп, анда Кыргызстан Компартиясынын тарыхында биринчи жолу жалгыз бир ун болсо да, партиянын жалпы агымына каршы ой-пикир да айтылган. Ал ун болгондо да Компартиянын БКнын идеология бөлүмүнүн башчысы Ж.Сааданбековдуку болгон. Пленумда доклад жасаган А.Масалиевдин: Бир өлкөдө бир эле президент болушу керек. 15 республикада 15 президент болгону туура эмес дегендей оюн билдирип: Кыргызстанда Кыргыз ССР Жогорку Советинин председателин шайлап, ага президенттик институттун айрым ыйгарым укуктарын берели деген оюн айткан. «Учитывая интересы дела бюро ЦК вносят на ваше рассмотрения предложение с совмещение постов председателя Верховного Совета и Первого секретаря ЦК Компартии Киргизии» (Советская Киргизия, 1990, 10 апреля). А.Масалиевдин бул докладынан кийин жарыш сөзгө чыккан ондогон ораторлордон бир гана Ж.Сааданбеков: ...Раньше А.Масалиев был противсовмещение двух высших постов, такая позиция была правильной. Брежнев, Андропов, Черненко и Горбачев занимали должность председателя Верховного Совета СССР и генерального секретаря ЦК КПСС... А.Масалиев будет работать как первый секретарь ЦК... но зачем тогда иметь Верховный Совет? ...Лично я против совмещение этих постов, я за введение президентского правления...
Видите ли, кому-то в центре не нравиться что и в республиках будут президенты»... Сааданбеков бул жерде СССРдин президенти М.С.Гор бачев жөнүндө айткысы келген. Ар андан ары философ катары бийликтин үчкө бөлүнүшү жөнүндө айтып:
«...президент в данном случае является балансиром, поддерживает между этими властями равновесие. Если же завтра первый секретарь станет председателем Верховного Совета, но действовать он начнет как президент, то это же диктатура партии получится... Президентсво в стране введено с учетем возможной завтрашней многопартийной системы, хорошо что у нас парламент пока однопартийной, но если завтра осуществится поли тический плюрализм появляется какие-то блоги, то в каком положе ние окажется первый секретарь, совмещающий пост председателя? Он же вынужден будет отстаивать интересы партии, в то же время, как он должен быть независимым... Наконец, третий момент, демократия без альтернативы фикция. Давайте попытаемся сегодня растторгнуть хотя бы одну пуговицу политического конфоризма... Я предлагаю кандидатуру товарища Джумагулова, председателя Совета Министров» (Советская Киргизия. 10-апреля, 1990 г. 3 стр.) Сааданбековдун бул Пленумдагы жарыш сөзү тиги Москвада Горбачевго каяша айтышкан Б.Ельцин, А.Сахаровдордун сөздөрүндөй эле коомчулукта абдан кызыгуу менен кабыл алынган.
«Белгисиз» республикадагы Сааданбековдун сөзү Компартиянын өзүнүн ичинде жарылган бомба эмес, кыргыз коомчулугуна түшкөн чагылгандай болгон. Сааданбековдун сөзү Кыргызстанда жаңы саясий күчтөр жаралып жатканынын кабары эле. Кыргызстан Компартиясынын БКнын идеологу болгон Ж.Сааданбеков ошол күндөн тартып жаңы Жогорку Кеңештин демократиялык тобунун идеологуна айланган. Эми кайра сессияга кайрылалы. К.Акназаров: Пленумда жана кеңешмеде чыгып сүйлөгөн көптөгөн коммунисттер, депутаттар Кыргыз ССР Жогорку Советинин председателдигине Кыргызстан КП БК нын 1-катчысы Абсамат Масалиевич Масалиевди сунуш кылууну туура табышты... Бул сунушту карыя депутат катары... билдирип коюуну мага тапшырышты (аталган стенографиялык отчет, 8-б.) - деп A.Maсалиевдин өмүр баянына, басып-өткөн жолуна жана республикабыздын башына биринчи жетекчи катары келгенден берки ийгиликтерине токтолот. Ошондой эле, ал А.Масалиевди атаандаштары жок эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин председателдигине шайлоонуда сунуш кылат (аталган стенографиялык отчёт, 10-б.). Андан соң депутат К.Акматов сөзгө чыгып, төрагалык кылуучу М.Ибраевге сын-пикир айтат: Күн тартибин бекители, анан Жогорку Советтин төрагасын шайлайлы дейт (стенографиялык отчет, 10-11-бет). Төрагалык кылуучу М. Ибраев К.Акматов канчалык ага каршы болгонуна карабай, сөздү депутат С.Абдрахмановго берет. Ал К.Акназаровду колдоп, А.Масалиевди жогорку Советтин председатели кылып шайлоого депутаттарды үндөйт. Депутат 3.Кутманова: Жакында болуп өткөн СССР эл депутаттарынын кезексиз 3-сессиясында өлкөнүн президентин шайлоодо абдан акылдуу ойлор, туура пикирлер, сунуштар айтылды. Азыркы учурда партия менен советти бириктирүү Борбордук комитет менен жогорку Советти бир кишинин башкарышы туура көрсөтүлдү, ал турмушка ашты... биз да турмуштун бул чындыгын колдошубуз керек жана турмушка ашырышыбыз керек... - деп А.Масалиевди колдойт. Андан соң бир топ депутаттар Масалиевдин талапкерлигин колдоп сүйлөгөн соң, депутат М.Байжиев: ... Депутат Глушич кыргыздар жөнүндө айтса, биз таарынып жатабыз... А.Масалиевди баарыбыз билебиз... Минтип аны мактай берип, бири-бирибизди ыйлатканга чейин барбайлы... Андан көрө А.Масалиевичке сөз берели деген сунушту берет. Депутат Ж.Акималиев А.Масалиевдин кадр маселесине токтоп, айрыкча Ү.Сыдыковду 1,5 жылдын ичинде Кара-Суу райкому болуп жүргөндөгү алган сөгүшүнө карабай, министр, агроөнөр жай комитетинин башчысы, Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстан Компартиясынын БКнын саясий бюро мүчөсү, СССРдин эл депутаты кылдыңыз, деп «Бул дүйнөдө Сыдыковдон башка киши жок бекен? Ушул дагы калыстыкпы? ...Мен бир эле кишинин бир учурда эки эң жогорку республикалык кызматты ээлешине караманча каршымын...
Төрагалык кызматка шайлоо атаандаштык тартипте өтушун сунуштайм», - дейт. Бирок Жамин байке Масалиевге альтернатива катары эч кимди сунуштабайт (стенографиялык отчет, 22-23-б.). Депутат Н.Исанов: ....Маселенин эң маанилүүсү бул Жогорку Советтин төрагасын шайлоо болуп олтурат. ... Бул жерде эске ала турган олуттуу маселе, бул биздин партиябызга байланыштуу. Партия жөнүндө азыркы убакта көп сөз болууда, көп өзгөрүүлөр да болууда... Бардык жерлерде абал бирдей эмес, мисалы, биздеги абалды Прибал тика, Закавказьедеги абалга салыштырууга болбойт. Бизде республиканын Компартиясынын бедели жакшы абалда деп айтсак, менимче, жанылыштык болбойт. Партия элди уюштуруп, өлкөнү бул абалдан чыгара ала турган жалгыз күч, биздин азыркы учурда. Ошондуктан, БКнын биринчи катчысы, Жогорку Советтин төрагасы бир киши болуусу керек...
Мына, Масалиев беш жылга жакын биринчи секретарлык кызматта иштеп келе жатат... Көп иштер жасалды, демократиялык абал түзүлдү десек да болот... кемчиликтер да бар... эми реалдуу абалды карап көрсөк, биз жолдош Масалиевди ушул жогорку Советтин төрагалыгына көрсөтүшүбүз керек... Бүгүн чечиле турган маселе түбөлүк чечилген маселе эмес, биз кайсы убакытта болсо да, бул маселеге кайрылсак болот. Ошон үчүн реалдуу абалды эске алып, Кыргызстан КП БКнын биринчи секретарын сунуш кылсак, мына ушул постко... (аталган стенографиялык отчёт, 24-25-66.) Депутат Н.Исановдун сөзү башка депутаттардын сөзүнө караганда реалдуулугу, объективдүүлүгү, ар тараптуу анализдүүлүгү, сабырдуулугу, чындыкты камтыгандыгы менен айырмаланып, бул маселеде чечүүчү ролду ойногон десек жанылбайбыз.
Мисалы, депутат Ч.Байгазаков: ... Президент жөнүндө кээ биреелер коё туралы дейт, жолдоштор, бирок менин оюмча, эгер чын эле суве рендүү мамлекет болсок, бугун президент шайлаш керек эле.... - дейт.Ошол кездеги айрым саясатчыларда суверендүү өлкөнүн өзүнүн сөзсүз түрдө президенти болуш керек деген түшүнүктөрү болгон. Дүйнөдө президенттер башкарбаган суверендүү өлкөлөр деле көп. Бирок көпчүлүк депутаттарда андай маалыматтар жетишсиз болгон. Депутат Ч.Байгазаков андан ары: ....Биз нарындык депутаттар жолдош Аманбаевди көргөзөлү деп келдик эле ушул жерге.... Анан Ат-Башынын элинин турмушу акыркы убакта кескин ылдыйлап баратканын айтып, бирок ал СССР элдеринин жалпы турмушу ылдыйлап, бардык республикаларда андан кантип чыгуунун жолдорун издеп жатканын анда бай, экономикалык кризис саясий кризистин тутанышына алып келгенин эске албай, «...жолдош Масалиевди шайлаганда эмне өзгөрөт? Жолдош Масалиев конкреттүү маселе чечпеген адам. Бөрк ал десе, баш алат, аракечтикке каршы компания эмне болду... Бозо салып көрбөгөн ат-башылыктар түтүнмө-түтүн бозо салып ... дүкөндө шекер, момпосуй жок калды. Повидло, варенье, джем, эчтеме жок калды. Анан ушулбу Масалиевдин маселелерди туура чечип, элдин камын ойлогону... (залда шум) Менин оозумду баса албайсыңар... Усубалиев 21 жылда көтөргөн кадрларды жолдош Масалиев үч жылда көтөрүп чыкты... Мына жолдош Масалиевдин кадрларга жасаган объективдуу мамилеси... (залда уу-дуу) Усубалиевди баалоодо санда кеп жылдык курулуштарды курду деп сындаганбыз. Жолдош Масалиев эмне куруп ийди? Башканы коё туруп, Фрунзенин көчөсүн карап койсоңор боло...
Ошентип менин сунушум, жолдоштор, жолдош Масалиевге альтернатива көрсөтүлсүн. Мунсуз демократия кайдан болсун, жолдоштор.... (Аталган стенографиялык отчет, 26-27-бб.). Бул сөз депутат Саадан бековдун «фиксиясынан кийинки шайлоодо альтернатива жок болсо, демократия жок дегенинин далили эле. Депутат Ч.Байгазаковдун сөзүндө ачуу чындык болгону менен, объективдүүлүк аз, регионализм, кыргызчылык көбүрөөк. Ошондуктан, Байгазаковдон кийин депутаттарыбыз кыргызбайчылык обонго өтүшөт да, кайым-айтышууга чейин барышат.
Мисалы, депутат Б.Осмонов: «...биз ушу трибунадан биздин өзүбүздүн туура эмес жактарыбызды көрсөтүп койсок го дейм. Мына, кээ бир жолдоштор бул жерде сүйлөп жатат, туталан болбойт, кызуу кандуулук менен сүйлөп жатат... Кээ бир жолдоштор өзүнүн билим деңгээлинин чоң эместигин көрсөткөнү туура эмес, В.И.Ленин: Сабатсыз адам саясаттан тышкары турат» - деп айткан....
Уландысы бар...
Булак: NazarNews.kg