www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ибрагим Нуракун уулу:

Тогуз-Торого барчу жол кандай азаптуу жол. Мындай пикирди Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакированын кеңешчиси Ибрагим Нуракун уулу жазды. 

--"Өткөн аптада биздин сот тармагындагы жакшы бир жаңылыкты жарыялай коём деп Шайырбек Абдырахман досуман сөзгө катуу жыгылдым. 

Чырдын башы:

Алыскы Тогуз-Торо жергесинде райондук соттун жаңы имаратын ачтык. Майрамдык маанай сонун" деп чоң тема коюп атпайымбы. Кошумча жаркыраган имараттын жаркыраган сүрөтүн илдим. 

Анан Шайырбек Абдырахман: "Эмине эл эми ушул жерден соттолобуз деп майрамдап жатабы?" деген посту менен сразым он упайлык приёмду колдонуп салды. Тимеле чагылгандар чарк-чурк, баары колдоп калды.

Туталанып эле туруп бердим, кыскасы. Биздин басма-сөз аркылу расса жооп кайтарайын десем: "Бир ачууңузду бизге бериңиз. Биз деген токтоо, олуттуу, нейтралдуу, саясаттан тышкаркы органбыз. Ким, не дебесин билгизбей эле, акырындык менен мыйзам нугунда иштей беребиз", - дешип демимди басып коюшту.

Каап, Жогорку Кеңештегидей жарыш сөз эркиндиги болгондо Шакеме челлендж кылмакмын. Маалымат болжолдуу мазмуну төмөнкүдөй жазылмак:

"Эу, Шайырбек кылдан кыйкым издеп, биздеги жакшы саамалыктарды дегеле көргүң келбейт! Биринчиден, сенин пикириңе биз муктаж эмеспиз.

Экинчиден Тогуз-Торого барчу жол кандай азаптуу жол экенин билесиңби? Ошол жака "Ауди" менен бир каттап көрсөң көрөт элек алдыгынтип айтканыңды. Тогуз-торолуктарга керек болсо, бир эле сот эмес, мектеп, оорукана, бала-бакча - баардыгын жапжаңыдан куруп берсе жарашат. Биздин төрайым ошол аска-таштын боорундагы таштак, чаң ызгыган жолго чыдап, чогулган элди сыйлап барды го. Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабановдор да баскысы келбеген жолдон басты го. Акыркы отуз жылда ушул жерге Жогорку Соттун бир дагы төрагасы барбаптыр. Ушуларды неге көрбөйсүң?

Ооба, Кудай сотко кайрылгандан сактасын. Бирок, турмушта өйдө-төмөн иштер болот да. Жер талаш, үй талаш, ажыраш дегенди кантип токтотмок элек? Анан ошолор өз укуктарын жаркыраган имаратта, кур дегенде туалети сасыбаган имаратта коргосо жаманбы, ыя? Мурдагы жетекчилердин учурунда башталган курулуштун ачылышына барбаймын деп, төрайым Бишкектен эле салам айттырып койсо болот беле? Анпеди го, Шаке! Эл менен жолугуп, ажырашпагыла, урушпагыла, кагылайындар. Маселеңерди сотко жеткирбей эле үйдөн эле чечип алгыла. Балага ата да, эне да керек. Кыргыздын наркын, салтын сактап жашайлы. Бул соттун имараты жөн гана айылыңардын көркүнө көрк кошуп, жашооңорду кооздоп турсун. Соттошуп, чырдашкан жер эмес, адилеттиктин, калыстыктын ордосу болуп берсин, деп айтпадыбы! Уккан жоксуңбу, Шаке?", - дейт Ибрагим Нуракун уулу. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости