www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адан Гебрейесус коронавирус пандемиясын согуштук иш-аракеттер менен салыштырды. Бул тууралуу The Guardian басылмасына таянып «Известия» жазды.
Гебрейесус ооруну жеңүү үчүн коронавируска каршы вакцина өндүрүүдө мамлекет башчылары биригиши зарыл экенине токтолгон.
«Пандемиядан улам дээрлик мамлекеттердин баары чек арасын жабууга аргасыз болуп, ал кичи жана ири бизнеске терс таасирин тийгизди. Ошол себептен биз согуш жүрүп жаткандай эмне керек экенин так билишибиз шарт», — деген ДССУнун башчысы.
Тедрос Аданом Гебрейесус адамзат азыркы тапта тарыхтагы эң оор күндөрдү баштан кечирип жатканын белгилеген. Мындан улам ал препараттарды муктаж болгондор менен бөлүшүп, технологияларды берүүгө даяр болуу зарылдыгын айткан.
Белгилей кетсек, буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн деп божомолдогон.
Булак: NazarNews.kg