www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы Баш мыйзамда мамлекеттик кызматкерлер аябай кыскартылат. Бул тууралуу конституциялык кеңештин мүчөсү, тарыхчы Муратбек Иманкулов NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 6-мартта билдирди.
--“Азыркы Баш мыйзамдын долбооруна каршы чыккандар жакшылап карап чыгышса дейт элем. Ал жерде президентке бийликти берип койгонун айтып жатышат. Эч кандай андай болгон жок. Болгону өкмөт башчынын укугу менен бириктирип койдук ошого көп болгондой болуп жатат. Биз мында бюджетти экономдойлу дедик.
Себеби, президенттик аппаратта 150дөн ашык адам иштейт экен. Ал эми өкмөттүн аппаратында 150 адам эмгектенет дешти. Ошондо өкмөттүн аппаратында иштеген кызматкерлер кыскартылат. Бюджеттеги канчалаган каражаттарды сарамжалдап калабыз. Ал акчаны башка экономикалык багыттагы иштерге жумшасак болот. Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлердин көбү кыскартылат.
Конституциялык кенешмеде элдик курултай системасы боюнча аябай талаш маселе жаралды. Ошону менен катар 2 палаталуу парламент түзүүнү ойлонушту. Бирок бул болбой калат экен. Себеби, алсыз парламент болуп калат. Андыктан бир эле палаталуу парламент болуп, президент менен тең ата иштеши керек”, - дейт тарыхчы.
Булак: NazarNews.kg