www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөрү менен түз келишимдерди түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы айыл чарба жарманкесине барганда айтты.

Жарманкеге келгендер пенсионерлерге жана калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилген азык-түлүк баасынын жогорулашына тынчсыздануу билдиришип, тамак-аш азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишин сындашты.

Өз кезегинде соода компаниясынын өкүлү кумшекердин баасынын көтөрүлүшүнөн улам продукцияны сатуу боюнча кыйынчылыктар байкалып жатканын айтып берди.

Премьер-министр келтирилген жүйөөлөр менен макул болуп, азыркы учурда Өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн бардык мүмкүн болгон күч-аракеттерин жасап жатканын баса белгиледи.  

«Азык-түлүк коопсуздугу, негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана андан кийин жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүү үчүн ылайыктуу дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшырганмын. Биздин негизги максатыбыз – тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50% чейин азайтуу болуп саналат», - деди Улукбек Марипов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости