www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-мартта саат 14:00дө Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышы өтөт.

Күн тартиби:

1. «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору»

Демилгечилер: Депутаттар Алтыбаева А.Т., Осмонова А.Ш., Карашев А.А., Аскарова А.А., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Жамалдинов З.И., Строкова Е.Г., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Каримов Н.Т., Момбеков Р.Ч. жана Алимбеков Н.К.

Баяндамачы: Депутат Алтыбаева А.Т.

2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу Жогорку Кеӊештин 2021-жылдын 3-февралындагы токтомунун аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө».

Демилгечи: Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети.

Баяндамачы: Комитеттин төрагасы Рыспаев К.Ж.

3. «Кыргыз Республикасындагы мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардардын баалары жөнүндө».

Демилгечи: Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети.

Баяндамачы: Энергетика жана өнөр жай министрлиги.

4. Ар кандай маселелер.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости